Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

А. Медетбеков: Тажикстан тараптан Кыргызстанга коркунуч чоң


Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, «Альфа-Антитеррор» коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков Тажикстандын Рашт өрөөнүндө өкмөттүк аскерлерге кол салган террорчулар Кыргызстандын аймагына кирип келиши толук ыктымал деп эсептейт.

- Артур мырза, Тажикстандын Рашт өрөөнүндө өкмөттүк аскерлерге куралчан белгисиз адамдар тарабынан кол салынып, андан 20дан ашуун жоокер өлгөнү кабарланууда. Мына ушул Тажикстандагы окуя Кыргызстанда кооптуу жагдай түзүшү мүмкүнбү?

- Тажикстандын бул окуясына байланыштуу себептерди айтсак, бизде 2006-жылы май, апрель айларында Тажикстандын Ходжент облусунда 12 адам түрмөдөн качып, атышып, аягында Кыргызстанга өтүп, Баткен облусунда аларды кармоо боюнча өзүнчө операция жүргүзүлүп, анын негизинде “Альфанын” бир кызматкери каза болуп, төрт киши жарадар болуп, алардын бешөө ошол жерден өлтүрүлгөн болчу.

Экинчиден, ошол эле жылы Жалал-Абад, Ош облусунда топтор чыгып “Хизб-ут Тахрир”, Өзбекстан Ислам кыймылы дегендер чыгып, аларды кармоо учурунда беш киши каза болгон, ал эми бизден бир адис каза болгон. Ошону эске салсак, Тажикстандагы Раштта болгон окуядан кийин алардын кандайдыр бир топтору Кыргызстанга өтпөйт деп ойлоо жаңылыштык болот.

Биринчиден, Кыргызстандагы азыркы акыбалдан пайдаланып кирип кетиши мүмкүн. Экинчиден, Кыргызстандан жүргөн диний-экстремисттик ойдогу адамдар менен - “Хизб-ут Тахрир” же ошол эле Өзбекстандын Ислам кыймылынын адамдары менен жолугушуп, ошонун артынан Кыргызстанга кирип, жалган документтер менен башка жакка качып кетиши мүмкүн. Же болбосо Кыргызстанда өзүнчө чакан өрөөндө коогалаң жасап, же террористтик акция жасашы мүмкүн. Булар эч нерседен коркпойт, чочулабайт. Ошон үчүн чек ара азыр катуу көзөмөлдө болуп, көп чаралар колдонулушу керек.

- Кыргызстандын Чек ара кызматы ушундай коогалаң мезгилде чек араны бекем кайтарууга даярбы?

- Бүгүн Чек ара кызматынын абалы, мен ойлойм, даяр деп. Бирок биздин чек аранын бардык жери эле зым менен тосулуп, өзүнчө полоса болуп турбайт, көп ачык жерлери бар. Экинчиден, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда анклавдар бар. Ошол аркылуу кирип кетиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, айта турган нерсе, түштүк коогалаңы болуп өткөндөн кийин биздеги окуяларга, шарттарга байланыштуу чек аранын көп жерлерин кайтарууга күч жетишпейт.

Себеби көп күчтөр Ош, Жалал-Абад облусуна бөлүнгөн. Бул жерде болсо күч жетишпейт. Ошондуктан өтүп кетиши ыктымал. Азыркы убакта бул чек арачыларга биздин жергиликтүү бийликтер, бажы органдары, милиция кызматкерлери сөсүз түрдө жардам бериши керек. Ошондой эле чек аранын жанында жашаган элдер дагы жардам берип, ошого туруштук берип турсак, буларды өткөрбөөгө бизде шарттар түзүлүшү мүмкүн.

-Бизде жоокерлердин курал жарагы аябай начар экендиги айтылып келатат. Чек ара кызматы техникалык жактан кандай камсыз болгон?

- Менин билишимче, азыркы учурда биздин Чек ара кызматы техникалык жактан орточо деңгээлде камсыз болгон. Өтө начар деп айтууга болбойт. Бирок жаңы техникалык приборлор, тетиктер жок. Аларга атайын рация, радио байланыш, мындай чыкканда оперативдүү байланыштар, түнкүсүн көрө турган өзүнчө аппараттар, чек арадан өтүп атканда документтерди текшерүүдө жаңы чыгарылган компьютерлер болуш керек. Тилекке каршы, Баткен облусунда булар биздин чек арачыларга жетишпейт. Булар ошого аябай муктаж болуп турушат.

-Чек ара кызматынан тышкары Улуттук коопсуздук кызматы, милиция кызматкерлери кандай чара колдонуш керек ушул тапта?

- Биринчиден, азыр Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин оперативдүү кызматкерлери чек аранын биз тарапта жайгашкан адамдар аркылуу өзүнчө оперативдүү иштерди жүргүзүп, аркы чектерде чалгын иштерди жүргүзүп, оперативдүү иштердин негизинде маалымат алып, анализ жасап, тез-тез адамдар менен жолугуп, ошонун негизинде чараларды көрүп турушу керек.

Экинчиден, чек арага жакын айылдарда, шаарларда паспорттук текшерүү иштерин тез жүргүзүп, ошол жерлерге атайын оперативдүү топторун түзүп коюш керек ушул абалга байланыштуу. Азыркы мезгилде жергиликтүү элдин көбү бул окуяны укпайт, көбү интернет окушпайт, радио, теле начар иштейт. Ошон үчүн жергиликтүү элге ушул кабарды жеткирүү керек.

-Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG