Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

“Азаттык+”: талаштан тактык жаралат


ЕККУнун полициялык кеңешме тобуна каршы акция, 26-июль, 2010-жыл
ЕККУнун полициялык кеңешме тобуна каршы акция, 26-июль, 2010-жыл

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун куралсыз полициясынын Кыргызстандын түштүгүнө келиши чоң саясий чууга айланды. Полиция кеңешчи тобунун келишине каршы бир канча аймактарда нааразылык иш-чаралары ушул күнгө чейин уланууда.

“Азаттык+” сыналгы берүүсү ЕККУнун куралсыз полициясына каршы нааразылык иш-чараларын өткөрүп жаткан жаштар жана полициянын киргизилишин колдогон атуулдар ортосунда жандуу талкуу уюштурду.

-Кыргызстанга келе турган ЕККУ полициясы деген ким?

-Алар кандай макамга ээ жана негизги милдеттери кандай?

- Эмне үчүн бул эл аралык куралсыз полициянын келиши чоң саясий чууга айланды?

-Куралсыз 52 полицияга каршы митингге чыккан жаштардын артында шыкак берген күчтөр барбы?

-Каршылык акциясынын демилгечилери эмнеге таянып Кыргызстандагы кырдаалды Косового салыштырып жатышат?

Ушул жана башка олуттуу суроолорго ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Лилиан Дарий, тышкы иштер министринин кеңешчиси Авазбек Атаханов, “Кыргыз эли сырткы күчтөрдү киргизүүгө каршы” жарандык кыймылдын уюштуруучулары Мавлян Аскарбеков, Бакыт Жумагулов жооп беришти.

Кызыктуу берүүнү 9-августта кечки саат тогузда Улуттук Биринчи каналдан көрүңүз!

Эгерде сиз “Азаттык+” сыналгы жана үналгы программаларына ой-пикир, сунуштарыңыз болсо 0312 31 61 71 телефонуна чалыңыз же jashtar@azattyk.kg электрондук дарегибизге кат жазыңыз!
XS
SM
MD
LG