Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Гүлзат Байзакова - “Аста-секин колуктудан” ырдап чыгат


Белгилүү ырчы Гүлзат Байзакова жакында “Аста-секин колукту” опереттасында Гүльмиранын ролун ырдап чыккан жатат.

- Насыр Давлесовдун 80 жылдыгына карата кайра коюлуп аткан “Аста-секин колукту” спектаклинде Гүлмиранын ролун ойноп атыпсыз. Алгач ушул тууралуу айта кетсеңиз?

-Насыр Давлесов агайдын 80-жылдык маарекесине карата, биздин чыгармачыл адамдардын арасынан Эрик Кадырбаев аранжировщик жана ошондой эле режиссер Жапаров жана ошондой эле театрдын көрүнүктүү хормейстери Карагул Тиленчиев биригип, өздөрүнчө сүйлөшүп унутулуп бараткан “Аста секин колуктуну” кайрадан элге чыгарууну максат кылышууда. Бул жолкуда ал оюнду опера артистери эмес, эстрадалык шоу-бизнестеги куудулдар жана ырчылар менен койгон жатышат. Мына кудай буйруса даярдалып жатат.

-Мына 1-апрелден сахнага чыгаары болжолдонуп жаткан экен. Ырчылардын канчалык деңгээлде ойной алаарына көзүңүз жетти?

-Бул жерде биринчиден ырчылар роль аткарып чыгып көргөн эмеспиз. Бирок бул жолкуда булардын сунушун жок дебестен, чын-дилибизден макул алдык. Себеби Насыр агайдын 80-жылдык мааракеси, экинчиден биздин маданият тармагындагы алгачкы жаңылык. Бул пьесаны сахнага алып чыгыш биз үчун сыймык болду. Профессионал режиссер, профессионал аранжировщик жана хормейстер менен иштеш биз үчүн кызык болду. Ошон үчүн бул спектакль ийгилик менен аякташына ишенебиз.

-Жеке чыгармачылыгыңыз тууралуу кеп кылсак. Сизди көбүнчө элдик, классикалык ырларды аткарган ырчы катары тааныбыз. Жаңы репертуарыңызда кандай ырлар бар?

-Азыркы мезгилде Эсенбек Мааданбеков жана Адылбек Кыязов менен жаңы ырларды иштеп жатабыз. Сегиз кыз бириккенбиз. Кудай буйруса жакын арада концерт коёбуз деп тилек кылып жатабыз.

-Ата мекендик шоу-бизнес сабатсыз ырчы-аткаруучуларга толуп кетти, жалаң чет элдердин мисалы, казактардын, арабдардын обондорун көчүрүп атышат деген нааразылыктар бар. Өзүбүздөгү таланттуу композиторлордун обондоруна ыр жаздырып аткарууга эмне тоскоол болуп атат. Сиздин пикириңиз кандай?

-Мен айтат элем, биринчиден ырчылардын күнөөсү эмес деп. Себеби дегенде бул жерде биздин жаш композиторлор же болбосо мурдагы композиторлорубуз деле азыр ырларды чыгаруудан баш тартышты го дейм. Себеби аларга кызыкчылык жок, эч кандай гонорар төлөнбөйт.

Артисттер концерт койсо автордук укук деп кандайдыр бир процентти сөзсүз түрдө ошол жакка кетет. Мага бул кызык эмес да. Ошон үчүн колдон келсе өзүм ыр чыгарып, өзүм сөзүн жазып, анан концерттеги акчам талаага чачылбасын деген ниетте болом. Азыр жаш ырчыларыбыз өздөрү композитор, өздөрү сөзүн жаза калганы ошол себептен болуп жатат.

Бул жерден мен эми сөзсүз түрдө каршымын чет элдин бөлөк жактын музыкаларын өзүнүкү кылып чыгарганына. Биздин кыргыз маданиятынын казынасы бай. Мен айтат элем жаштарга, ушул казынада канчалаган ырлар жатат. Ошолордон алып ырдаса деле алардын чыгармачылыгына кенен жол ачылат деп ойлойм.

-Биздин атамекендик обончулардын да чыгармачылыгы кандай болот. Эгерде алардын чыгарган обондорун эч ким ырдабаса.

-Мен айтат элем, ушул композиторлор, обончулар менен биздин акындар иштешсе деп. Себеби дегенде кээ бир акындарыбыз бар ырларды жазат. Жакшы ыр билем, алар фестивалга ылайыктуу же конкурска ылайыктуу. Бирок алар чоң акчага сатышат.

-Демек ырчылардын чөнтөгү да чак келбейт!

-Туура.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG