Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

А. Бекназаров: “Борбор Азияда Кыргызстан биринчи болуп демократиялуу бийликти орнотот”


“Репортер Бишкек” гезити Азимбек Бекназаров менен маек курду. “Жаңы ордо” гезити “Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковдун: ”Садыркуловдун өлгөнүнөн күмөнүм бар” деген интервьюсуна орун берген

“Репортер Бишкек” гезити Азимбек Бекназаров менен маек курду. Кабарчынын: “Балким митингдер менен шайлоолор аркылуу кийинки президент сиз болуп жүрбөңүз?” дегенине ал: ”Жок. Мен президент болбойм. Мындай ыңгай 2005-жылы болгон, бирок баш тарткамын. Менин максатым президент болуу эмес, үйбүлөлүк башкаруу системасын жоюп, анын ордуна демократиялуу бийликти орнотуу. Менин оюмча муну Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан 1-болуп жасарына ишенем” деп жооп берген.

Азимбек Бекназаров ошондой эле оппозиция азыр кимдин электораты мыкты, кимди эл көбүрөөк колдойт дегенди талдоого алып жатканын, ошондон кийин президенттикке талапкер болчу адамдын аты белгилүү болорун айткан.

“Кыргызстанда таза шайлоо болбойт. Таза жол менен Бакиев жана анын тегереги бийлигин жөн эле бере койбойт. Ошондуктан бир гана жол революциялык жол турат. Бүгүн башталган нааразылык акциясы 23-июль күнү барып токтойт” деп баса белгилеген.

Бекназаровдун айтымында Бириккен оппозиция бийлик менен сүйлөшүүлөргө барбайт: “Биз аларга ишенбейбиз. Эгер эл алдына Бакиев өзү чыгып келсе анда ойлонуп көрөбүз. Анткени митингке катышуу чакырыгы менен президентке ырасмий кат жолдодук. Бирок анын коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз”.

Садыркулов жөнүндө суроого Бекназаров “Бакиев үчүн Садыркулов эмнелерди гана жасаган жок. Бийликтин вертикалдык системасын, мынабул режимди, Баш мыйзамды, “Акжол” партиясын так ошол Садыркулов негиздеген. Мына ушуларды жасап берген адамды ушундай жол менен жок кылганга өтсө... Анда Кудай анын өзүн да жазалайт” деп жооп берген.

“Мамлекетти кимдер коргойт?” мына ушундай рубрика алдында “Суу жүрөк милиционер, кашаң аскерлерби?” деген макала менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз руху” гезити.

“Казак бандиттери кыргыз чегарачыларын сабап кетишти” деп жазган элек. Бул маалымат биздин гезиттен башка эч жерде жарыяланган эмес, бирок жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп бийлик өкүлдөрү укмаксанга салышты” деп белгилеген гезит өтүп кеткен 7-марттан 8-мартка караган түнү өзүн кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы сезген кайсы бир казак бандити казак-кыргыз чегарачыларына бүлүк салганын, окуянын курчуп баратканын түшүнгөн кыргыз чегарачылар Бишкектеги спецназга, жакын жайгашкан Васильевка айылындагы тез аракет кылчу чегара аскерлигине, МАИ бекетине, бажы, каржы полицейлигине телефон чалып, жардамга кайрылышканын сөзгө алган.

Эң кызыгы булардын бири да жардамга келбеген. Жадагалса чегарачылардын куралдары да жок болгон. Дөөгүрсүгөн казак бандиттери кыргыз чегарачыларын “тизип” алып жөөлөп... Кайра дардаңдаган боюнча өз өлкөсүнө ээн-жайкын кирип кеткен.

“Кыргыз руху” бул боюнча КР чегара кызматынын төрагасы Замир Молдошевге “Кайтарганыңар койбу же чегарабы?”, ИИМ министри М. Коңгантиевге “Шумкарсызбы же каргасызбы?”, Бажы кызматынын башчысы Н. Акматовго “жаш жигиттин уялганы- өлгөнүбү?”, Коопсуздук кеңешинин катчысы А. Мадумаровго “Кимдин аскерлери кашаң, милийсасы суу жүрөк болот” деген суроолор менен кайрылды.

“Ачык саясат” гезити “Такталбаган маалыматтарга таянсак ажо 24-март күнү Германияга учуп кетиптир. Баса Аскар Акаев да ушул күнү учуп кеткен”, “бүгүн Аксыда өтүүчү БЭКтин митингинде эл президент К. Бакиев менен Аксынын жаңы акими Т. Орозовдун кызматтан кетишин талап кылып, жаңы аким шайлайт”, бүгүн ошондой эле “Вашингтондогу Кыргыз элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтөт, ага Америкада окуп жана иштеп жаткан Кыргызстандыктар катышат, элчи айым З. Сыдыкова чыгып сүйлөшү мүмкүн” деп жазып чыкты.

Аталган гезит ошондой эле президент Бакиевдин иниси, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Марат Бакиев президенттик жарышка түшөт деген имиштер жүрүп жатканын, Маратты жакындан билгендер анын адамгерчилигин жогору баалашат, бирок айрым бирөөлөр агасы К. Бакиевдин ордуна иниси генерал Жаныш Бакиевдин президенттик жарышка барарын жар салып атканын жазып чыкты.

“Жаңы ордо” гезити “Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковдун:”Садыркуловдун өлгөнүнөн күмөнүм бар” деген интервьюсуна орун берген жана бул бооюнча төмөнкүдөй үч суроо менен айрым жарандарга кайрылган.

1. Алгачкы президентти сатып кеткендиги үчүн кызы Бермет Акаева, күйөө баласы Адил Тойгонбаев өч алып, президенттик шайлоо алдында саясый кризис уюштурууга болгон аракети.

2. Казак бизнесмендерине Кыргызстандагы ири ишканаларды, жерлерди алып берем деп чоң суммадагы акчаларды алып, аларды бералбай калганда өлтүрүп кетишкен.

3.Ал тирүү, кыргыз жерин, ишканаларын казактарга берип койгон үчун качып Казакстанда жашап жүрөт, атын өзгөртүп алган. Буларга кандай дейсиздер?

Саясатчы Бегиш Ааматов:
- Менин оюмча ал ааламдан өттү. Садыркулов 94-жылы ошол кездеги депутаттарды “өзүн өзү таратсын” деп кол топтогон, Казакстандын президентинин кийлигишүүсү менен үйбүлөлүк башкарууну киргизген, жадагалса жергиликтүү акимдер түгүл айыл өкмөттөрү Садыркуловсуз шайланбай калган.

Филолог Расулберди Маметов:
- Акаевдин жаңылыштыгы Садыркуловду бийликке алып келгени болгон. Ошонун айынан кыргыз жери Кытайды көздөй кетти. Кыргызстандагы ишканалардын дээрлиги казактарга кеткенин билими жок сокурлар деле билет. Садыркуловду мурда эле түрмөгө камаганда балким тирүү калмак, балким ал өзүн өзү өлтүргөн болуш керек.

Жазуучу Жапарали Осмонкулов:- Садыркулов президенттик админстрацияны жетектеп турганда Каркыра казактарга кеткенин кыргыз журту билет. Кыргыздын каары жаман. Буга окшогон интригандар үйүнө жатып алып “мени уурдап кетти, камап салды, өлтүргөнү жатат” деп айкыра берет. Ал эми Медет мырзанын ДНКасы бүгүнкүгө чейин чыкпаганы шек туудурат.

Гезит ошондой эле “Азыркы оппозиция бирине бири адвокатпы?” деген макаланы, Турсунбай Бакир уулунун “Кыргыз элинин душманы коррупция менен паракордук, ыймансыздык менен кайдыгерлик” деген интервьюсун ж.б. материалдарды баскан.

“Кыргыз туусу” гезити окумуштуу Раимжан Эгембердиевдин көрүнүктүү адабиятчы Жээнбай Мукамбаевдин элесине арналган “Агай” аттуу баянынын корутунду бөлүгүн, профессор Амангелди Бекбалаевдин “Атилла-гунндардын ханы” атуу тарыхый романынан үзүндүнү, Оштук ардагерлер кеңеши мүчөлөрүнүн Алымбек датканын 210 жылдыгын белгилөө боюнча президент К. Бакиевге кайрылган катын ж.б. ырасмий материалдарды окурмандарына тартуулаган.

Агым” гезити “Президенттик жарышка Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев түшөт имиш, “атакеси” менен кантип ат салышар экен, ыя?”, “Оппозиция болсо Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин жактырып жатыптыр”, “Митингке “Дордой” базарынын соодагерлери катышары туурасында аңыз кеп тарады” деп кабарлады жана айрым атуулдарга кайрылып: “Сиз бүгүнкү митингден эмне күтөсүз?” деп суроо салды.

Саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоев:- Бул алдыда боло турган президенттик шайлоого карата коомчулуктун:”Бийлик эсиң барда этегиңди жап, шайлоону адилет, таза өткөр” деген чоң эскертүүсү.

Пенсионер Касым Исаев:- Нааразылык акциясы келаткан шайлоонун таза өтүүсүнө өбөлгө түзөт. Бийлик оппозициянын талабын аткарууга аргасыз. Андан башка жолу жок.

ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев:- Мындан кырдаал өзгөрүп кетпейт.

Журналист Нурила Батыралиева: - Мен пикеттен эч нерсе күтпөйм. Элдин камын ойлогон, прогрессивдүү, билимдүү жаңы муун өкүлдөрүнүн бийликке келишин тилейм.
XS
SM
MD
LG