Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Д.Чотонов: Урматтуу Курманбек Салиевич, тезирек кетип кал...


Бакиевдин кызматтан кетүүнү талап кылган саясий акциялар, 2006-жыл, ноябрь
Бакиевдин кызматтан кетүүнү талап кылган саясий акциялар, 2006-жыл, ноябрь

Өлкө башчысы К.Бакиев элге берген убадаларын аткарбай, үй-бүлөлүк, коррупциялык башкарууга жол бергендигинен улам 27-мартта нааразылык акциясы өткөрүлөрүн “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотонов “Азаттыктагы" маегинде айтты.

- Дүйшөн мырза, саясий куугунтук Бишкектеги оппозиция эле эмес “Ата Мекен” партиясынын аймактардагы мүчөлөрү жана алардын жакындарын дагы куугунтукка алуу күчөдү деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Бул маалыматтын чындыгы бар. Биздин Ош, Жалал-Абад облусундагы, кыймыл жүрүп жаткан бардык аймактардагы лидерлерибизге, алардын жакындарына куугунтуктар болуп жатат. Кээ бирөөнү сабап кетүү бир жылдан бери, айрыкча 2007-жылдын декабрында өткөн парламенттик шайлоодон бери тынчыбай келатат. Акыркы бир айдын ичинде ошолор абдан көбөйүп кетти.Себеп дегенде март айында боло турган жалпы элдик митингке катуу, кызуу даярдыктар башталды.

БЭК кыймылынын ичинде “Ата Мекен” партиясы дагы буга түздөн-түз катышып жатабыз. Ошол катышып жаткан күчтөрдүн бири катары көп облустарда негизинен биздин партиянын балдары иштеп жатышат. Ошол балдарды камоо, коркутуу, сабап кетүү, машинелерин келип уруп кетүү, түндөсү үйлөрүнө барып коркутууга окшогон фактылар көбөйүп жатат.

- Дүйшөн мырза “Ата Мекенчилерге” укук коргоо органдарынан сырткары кылмыш топторунан дагы коркутуп-үркүтүүлөр болууда деген маалыматтар бар. Чынында эле кылмыш топтору дагы саясий иштерге аралашып жатабы?

-Эсиңизде болсо керек биз Талас облусуна барып жыйын өткөргөндө “Биз Талас облусу боюнча криминалдык топтун өкүлүбүз”,-деп ачык айтып келип коркутуу фактылары болгон. Акыркы убактарда биздин партиянын Ош облусундагы лидерлер балдарына барышып, телефон аркылуу коркутушуп, “биз криминалдык топтун өкүлүбүз, өлтүрүп кетебиз, жоготуп жиберебиз”,-деген коркутуулар көбөйүп баратат акыркы күндөрдө. Эми бул коомдук активдешүүдө бийлик менимче түздөн-түз криминалдык топторду пайдаланууа өтүп атабы деген кооптонууну туудурат да.

-Ошол куугунтукка алынган “Ата Мекендин” мүчөлөрүнүн коопсуздугун, укугун коргоо багытында “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги кандай иштерди алып барууда?

-Эми биз колдон келишинче аларга моралдык жактан жардам көрсөтүп жатабыз. Эки-үч жолу алардын коопсуздугу үчүн укук коргоо органдарына кайрылып көрдүк. Бирок алар тараптан эч кандай кыймыл болбой, көңүл бурулган жок. Бирок биздин партиялаштарыбыз “мындай нерселер болоорун биз алдын-ала билгенбиз, себеп дегенде бүгүнкү бийликтен бардыгын күтүүгө болот, төрт жылдан бери алардын колдонуучу ыкмасын дагы билебиз жана аларга биз даярбыз”-деп айтып жатышат.

- Ошол куугунтук, ар кандай коркутуулардан чочулап айрым мүчөлөрүңөр партиянын катарынан чыгып кетишкен жокбу?

-Андай болгон жок бизде.

- Оппозиция 27-мартта белгиленген өлкө боюнча нааразылык акциясынан башка жол аркылуу бийлик менен мунасага келишсе болот беле?

-Курманбек Бакиев бийликке келгенде жалпы элдик толкундоолордун негизинде келген. “Коррупциялык,үй-бүлөлүк системаны жок кылып, жаңы заман курам ”,- деп элге берген убадалары бар. Биз болгону ошол убадалардын аткарылышын талап кылып жатабыз. Кыргызстанда жакшы коом түзүлсө, уурулук токтосо, бир үй-бүлө келип эле башкара бербей кыргыз эли дагы дүйнөлүк цивилизациянын катарына кошулса деген тилек менен революция болгон.

Мына ошол тилектер аткарылбай, элдин алдында берген убадаларын ачыктан-ачык эле танып кетип, бир үй-бүлө эле өзү, бала-чака, бир туугандары менен басып жатып алса анан биз айла жок чыгып жатабыз да. Биз эле жыргаганыбыздан митингке чыккан жокбуз да. Ошондуктан бул бийлик менен үч жолу оппозиция лидерлери менен жалпы чогулуп, эл адында убада берип, эки-үч жолу комиссия алмаштырдык. Анан эле кайра эле эртеси иш оңолгондо эле алдап чалкасынан кетип жатпайбы.

Ошондуктан бул бийликке ишеним калбай калды да. Мына азыр деле акыркы жүргүзүп жаткан репрессияларын, сценарийлерин карасаңыз бийлик сүйлөшүүнү көздөгөн жок. Бийлик биз оппозиция менен сүйлөшүүгө даярбыз дегени менен тескерисинче жүргүзүп жаткан иш чараларынан көрүнүп турат. Түздөн-түз бир жылдан кийинки болуучу президенттик шайлоодо эптеп-септеп дагы бир мөөнөткө элди алдап, коркутуп жүрөгүнүн үшүн алып өтүп алууга аракет кылып жатпайбы.

Эгер дагы беш жылга ушул үй-бүлөнүн алдында кыргыз мамлекети калса, анда кыргыз мамлекетинин, элинин келечеги кандай болот деген тынчсыздануунун негизинде жүрүп жатат да. Бакиевге айттык да. “Конституцияны өзгөрт. Биз сунуштаган концепцияны кабыл ал. Андан кийин мейли отура бер”,-деп. Бирок ал муну карап дагы койгон жок да.

Анан айла кеткенде биз конституциялык укугубуздан пайдаланып айтып жатабыз да, “Урматтуу Курманбек Салиевич, мындан көрөкчө кетип кал. Тезирек кетип калбасаң биздин коомдогу жара кулгунага айланып кетип атат. Кулгуна бир күнү жарылса барабызга жаман болот”,-деп айтып жатабыз.

XS
SM
MD
LG