Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Бакиев Нарын-Торугарт жолун оңдоого убада берди


Бүгүн иш сапары менен Нарын облусуна келген президент Курманбек Бакиев Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон тарыхый-этнографиялык музейинде болду. Ат- Башы айылындагы Кошой спорт майданында эл менен жолугушууда президент соңку төрт жылда экономика оңолгондугун, айыл чарба, жол курууга бөлүнгөн акча көбөйгөндүгүн, эми Нарын-Торугарт жолун оңдоого кезек келгендигин белгиледи.

Президент Курманбек Бакиев өсүп-өнүүлөр орун алгандыгын мындайча билдирди:

- Бюджеттин кирешесин ошондон бери 3 жарым эсеге көбөйттүк. 2005-жылы бюджеттик киреше 17,8 млрд. сом болсо, быйыл 60 млрд. сомго жакындайт. Мектептерди, жолдорду, маданий жана саламаттыкты сактоо объектерин ыкчамдык менен куруп жатабыз. Мындай объект ишке берилбеген бир дагы район жок. Мурда жылына 10 мектеп курулбаган Кыргызстанда бир жылда эле 200гө жакын мектеп курулду.

Сөз атайын даярдалган адамдарга кезек-кезеги менен берилип жатты. Райондогу Ача-Кайынды айылынын тургуну Нааматбек шайлоодо атбашылыктар бир добуштан Бакиев үчүн добуш беришет деп билдирди:

- Биздин аэропорт участкасына терминал курулууга мындан мурунку жылдарда планга киргизилген. Азыр иштеп калмак эле. Бул айтылган сөз бойдон калып калып атат. Ошолордун курулушуна 24 гектар жер, Нарын эркин экономикалык аймакка 100 гектар жер бөлүнүп берилген. Буга карабастан курулуш иштери эмгиче жылбайт. Алдыда келе жаткан шайлоо өнөктүгүнө Ат-Башы эли бир добуштан сизди колдойт деп ишенем.

Ал эми өзүн Кенже деп тааныштарган адам Бакиев келердеги көз боемочулуктарды мындайча билдирди:

- Пособиени кыскартып салды. Бул жерде эптеп-септеп бутиктерде иштеп 5 сомдон таап атсак, Бакиев келет деп, Бакиев келгиче чыгып, жашынып тургула, токпуз деп айткыла дешип атат. Биз ачка болуп турабыз. Бакиев келээрде пособиени убагында берип, көчөлөрдү тазалат, Бакиев жокто баягы эле тас кейпибизге түшөбүз.

XS
SM
MD
LG