Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Баткен: Майыптар өкмөттөн үмүт үзгөн


Баткенде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке тартуу үчүн шарт түзүлгөн эмес. Ушундан улам майыптар өз арбайын өзү согуп, каражат таап жан багып келет.

Анча ачылып сүйлөгүсү келбеген 24 жаштагы Арслан эки балдак менен араң басканына карабай Баткен шаарында аялдама четиндеги бут кийим оңдоочу күркөнү ижарага алып иштетет. Арслан жашоо күндөн күнгө кымбаттап баратканынан, мамлекеттин жардамы эч нерсеге жетпестигин айтат:

-Бул бут кийим оңдоочу күркөнү айына беш жүз сомго ижарага алып иштетем. Азыр үйдө жатууга болбойт, акча табуу керек. Көмүр жок, ун кымбат, өкмөттүн берген пенсиясы эч нерсеге жетпейт. Бул ишкердик үчүн мамлекеттен жардам жок.

Тааныш, коңшу-колоңдордун аудио жана видео техникаларын үйүндө ондоо менен алектенген 20 жаштагы Нурбектин бутун дарт чалып баспай калганына көп болду. Бирок, мүмкүнчүлүк жок деп отуруп калбастан достору менен отуруштардан калбайт, кала берсе дискотекага да барат:

- Колдон келгендин баарын оңдоп берем. Кааласам көлгө достор менен барам, дискотекага, коцеттерге барып эс салам. Досторумдун баары жакшы. Мамлекеттен жардам кутпөйм, эчак эле үмүт үзгөм.

Облустук акимчиликтин социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Сейдакматовдун айтымында, быйыл мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн каражат бөлүнгөн эмес. Кала берсе бул топтогулар үчүн жумалык да жарыяланбады:

-Областтан майыптар үчүн иш-чараларга быйыл акча бөлүнбөй калды. Майырптар жумалыгын эмнегедир жарыялай албай калдык. Областтын аймагында жалпысынан 5134 майып бар. Быйыл отуз жетисине угуу аппараттарын таркатып бердик. Майыптыгы үчүн эң минималдык пенсия өлчөмү 541 сомду түзөт. Көмүр берилбейт, дары-дармектерине саламаттыкты сактоо тармагында жардам болот.

Баткенде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эки жатак мектеп бар. Бул мектептер мамлекеттин көзөмөлүндө турган менен ал жердеги камкордук ойлодогудай эмес, дешет билгендер.

XS
SM
MD
LG