Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Баткен: чек арада кырдаал тынчып калды


Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков.
Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Баткен облусуна барды. Ал Согмент жана Чарбак айылынын тургундары менен жолугушууда. И.Исаковду Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов жана чек ара кызматынын жетекчиси Курманакун Матенов коштоп жүрөт.

Бул тууралуу облустагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров "Азаттыктын" түшкү обосунда суроолорго жооп берди.

- Жолугушуу туурасында эмне сөздөр айтылды?

Жеңиш Айдаров: Бир аз мурун Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү генерал И.Исаков Согмент айылынын жашоочулары менен жолукту. Ал жерде кечээ өзбек жана кыргыз тараптын жолугушуусундагы жетишилген макулдашуулар тууралуу кенен түшүнүк берип, мындан аркы кадамдар тууралуу айтты. Согмент эли менен Хушяр элинин жайыттарды жана сууну биргеликте пайдалануу тууралуу түшүнүктөр берилип, ушу тапта И.Исаков мындан бир жума мурда жабылган Чарбак айылынын четиндеги жолдо турат. Бул жерде Хушяр айылынан жүздөй адам чогулган. И.Исаков чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, жол азырынча ачылган жок.

- Кечээки макулдашуунун негизинде иш-чаралар башталдыбы? Сох анклавында тосмолор тосулат деп айтылбадыбы?

Жеңиш Айдаров: Кечээки макулдашуулардын эң алгачкыларынан болуп азыр эле бизге облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бусурманкул Турусматов маалымат берди. Ал кишинин айтымында, өзбек тарап бизге Хушяр, Сох анклавындагы аскердик оор техникаларын Кыргызстан аймагынан Өзбекстандын негизги бөлүгүнө алып кетүү жана күзөт коюу үчүн атайын МАИлердин унааларын сурап жатат.

- Кечээ элдер чогулуп жатты деген маалымат болду эле, алар тарадыбы?

Жеңиш Айдаров: Ооба, кечээ Сох анклавы менен Өзбекстандын негизги аймагын байланыштырып турган Жаш-Тилек айылындагы жол тосуп тургандар жолугушууда макулдашууларды уккандан кийин тарап кетишкен. Согмент, Чарбак айылында да чогулгандар тараган. Болгону элдик кошуундар бар, алар айылдардын коопсуздугу үчүн гана турушат. Ушу тапта Хушяр айылынан жүзгө жетпеген атуулдар жол тосулган жерде гана топтолуп турушат. Чек арачылар ошол жерди тосуп турушат.

XS
SM
MD
LG