Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Бишкекте 13 фонтан оңдолуп, 52 фонтан курулуудa


Ала-Тоо аянтындагы фонтандарды курууга жана шаардагы 13 фонтанды оңдоого канча каражат жумшалды? Фонтандар конкурсттук негизде тандалып, улуттук өзгөчөлүктөр менен курулса деген пикирлер да арбын.

Бүгүнкү күндө борбордо 13 фонтан ремонттолуп иштеп жатканын “Бишкексууканал” өндүрүштүк бирикмесинин жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев «Азаттыкка» билдирди.

- Өткөн жылдын сентябрь айында фонтандарды иштетүү “Бишкексууканалга” жүктөлүп, мэрия тарабынан 16 фонтан өткөрүлүп берилген болчу. Анда фонтандардын абалы начар эле. Биз кышы бою реконструкциялап, компрессор-насостук жабдыктарды алмаштырып жана аларды ишке киргиздик. Мында үч фонтан – “Орусия” кинотеатрынын жанындагы, Панфилов паркында жана Уркуя Салиеванын эстелигинин жанындагы фонтандар жеке уюмдарга ижарага берилди. Ал эми калган 13 фонтанды оңдоо иштерине 1,5 миллион сом сарпталды”, - дейт Мурадин Сейдалиев.

Мындан тышкары Мамлекеттик тарых музейинин чыгыш жана батыш капталындагы фонтандар 20 жылдан бери иштебей келсе, учурда алар толук калыбына келтирилди. Бул фонтандарды оңдоо, калыбына келтирүү иштерине 840 миң сом каражат “Бишкексууканал” бирикмесинин өздүк кирешесинен бөлүнгөн. Ошондой эле аянттагы мурда орнотулган фонтандар да реконструкцияланып, аларга да атайын жарык берүүлөр коюлган.

Жалпысынан “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоого жана жаңы фонтандарды куруп, эскилерин ремонттоого эле 15 млн. сом сарпталган. Анын 5 миллион сому шаардык бюджеттен, калганы дөмөөрчүлөрдүн эсебинен жумшалды. Бишкектеги "Ата Түрк" гүлбагында жарык коштогон музыкалык жана жөнөкөй 52 фонтандын курулушу башталды.

Бишкек шаарынын мурдакы мэри, экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде, шаар жетекчилиги фонтандарга басым жасай бербей, жолдорду оңдоону колго алып, шаарды чептей курчап турган жаңы конуштардын инфраструктурасына көңүл буруусу зарыл.

- Шаардагы фонтандарды оңдоо иши дурус болгону менен шаар жетекчилиги жолдордун оңдолушуна анча маани бербей, "ат үстүнөн" мамиле кылууда. Шаарда автоунаалар ченемсиз көбөйүп, жолдордун начардыгынан кырсыктар болууда. Мындан сырткары шаардын четиндеги 47 жаңы конуштардын инфраструктурасына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Түркиялык кыргыз, айтылуу Рахманкул хандын кенже уулу Мусадыктын пикиринде Бишкекте Стамбул, Ташкент, Бакудай айырмаланган, өзгөчө фонтандар жокко эсе.

-Ошондуктан кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган фонтандар үчүн кароо-сынак өткөрүү менен гана атайын калыстар тобунун жардамы менен мыктыларын иреп, конкурстук негизде тандап туруп гана фонтан куруу максатка ылайыктуу. Жанында эле Азербайжандын президенти Илхам Алиев Баку шаарындагы жаңы курулган фонтандын ачылышы аземинде болду. Баамдасак Бакудагы жетекчилер дүйнөлүк адистер менен кеңешип, өтө ажайып, керемет фонтандарды куруптур. Тим эле көз жоосун алат. Кыргыз элинин салт, мурастарына ылайык улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырган фонтандар курулса, Бишкек шаарынын “визиттик баракчасы” болуп калат эле.

Бишкекте 31 фонтан бар, алардын 15и башка уюм-мекемелерге караштуу.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG