Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Kелемиштердин ордосу Ош базарында


Келемиштердин адамдарга кол салуусу боюнча былтыр 240тай факт катталган
Келемиштердин адамдарга кол салуусу боюнча былтыр 240тай факт катталган

Бишкектеги акыр-чикирлер келемиштердин көбөйүшүнө жакшы өбөлгө түзүүдө. Бул көйгөйлүү маселе боюнча шаардын дезинфекциялык станциясынын бөлүм башчысы Татьяна Мишеева “Азаттыкка” айтып берди.

- Келемиштерге каршы Бишкек шаарында кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?

- Азыркы тапта биз шаар ичинде, келемиштерди ууландыруу боюнча атайын иштерди жүргүзүп жатабыз. Бул нерсени бир күнгө дагы токтотууга болбойт. Ошондуктан көбүнчө биз квартал башчылары менен бирге иштейбиз. Алар өзүнүн аймагындагы акыр чикирлерди, суу жээгиндеги кир жайларды жана начар турган үй-бүлөлөрдү көрсөтүп беришет. Андан соң биз дарылоо иштерин жүргүзөбүз.

- Таштанды демекчи шаар базарлары дагы акыр-чикирлерден арылбай келет. Анда соода жайлары келемиштердин уюгу болуп жатса керек?

- Ооба, базарлардын администрациялары биз менен канча аянты тазалоо керектиги тууралу келишим түзүшөт. Бирок, мисалга алардын аянты он миң чарчы метр болсо, алар бир аз гана бөлүгүнө келишим түзүп коюп жатышат. Биз көрсөтүлгөн аянты гана дарылайбыз. Мындай учурда келемиштердин тукумдап көбөйүүсүнө эң сонун шарт түзүлөт. Ошондуктан каралбай калган жерлерди биз алыбыздын жетишинче көзөмөлдөп турабыз.

- Келемиштер шаар боюнча кайсы жерлерде көбүрөөк жана анын себеби эмнеде?

- Келемиштер Ош базарында көп. Акыр-чикирлер кайсы жерде мол болсо келемиштерди ошол жактан тапса болот. Аларга тамак-аш жана суу болсо эле болду. Баардыгын зыянга учуратып жашай беришет.

- Татьяна айым, келемиштердин биологиялык өзгөчөлүгүнө токтолуп өтсөңүз?

- Алар тамаксыз эки-үч, суусуз эки сутка гана жашашат. Эгер тамак дагы суу дагы жок болсо келемиштер 20-25 сааттын ичинде өлүмгө дуушар болушат. Алар үч айдын ичинде жетилип, 18 мөндөлөйгө чейин төлдөп турушат. Алар жашаган жерлерди жарым жыл тазалап анан болду деп токтопуп коюга болбойт. Андай учурда алар жоголуп кетпейли деп эки эсе көбүрөөк төлдөп башташат.

- Келемиштерден адамдарга жана үй жаныбарларына кандай оорулар жуугушу мүмкүн?

- Биринчиден алар жолуна кезиккен нерселердин баарын тыптыйпыл жок кылат. Дубалдардан тик өйдө чуркап, түтүктөргө чейин кирип баардык нерселерди кыйратууга жөндөмдүү. Ошол эле маалда алар чума, энцефалит, туляремия, сибирь жарасы, кутурма жана башка инфекциялык ооруларды алып жүрүшөт.

- Алар адамдарды тиштеп алган канча учур катталды?

2005-жылы 280, 2006-жылы 260, 2007-жылы 228 кишине тиштеп алган болсо 2008-жылы 240 учур катталган. Мындай учурда сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылуу керек. Биз билбейбиз мүмкүн ал келемиштер кутурма оорусун алып жүрөттүр. Ошондуктан сөзсүз ооруканага кайрылуу керек.

- Бишкек шаарынын тургундары келемиштерден кантип арылуусу керек? Кандай каражаттарды колдонуу зарыл?

Сөзсүз түрдө тазалоо иштерин жүргүзүп туруу зарыл. Биз бекер иштейбиз. Шаар тургундарына эгер келемиштерди көрсөңөр бизге айтып тургула дейбиз. Андай кайрылуулар болсо сөзсүз түрдө барып дарылап турабыз.

XS
SM
MD
LG