Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Улуу акын элеси


Кыргыз эл акыны Жалил Садыков 21-октябрда, 78 жаш курагында дүйнө салды.
Кыргыз эл акыны Жалил Садыков 21-октябрда, 78 жаш курагында дүйнө салды.

Албан акын Жалил Садыковдун элесин кезегинде СССР Жазуучулар Союзунда кыргыз адабияты боюнча кеңешчи болуп иштеген Муса Мураталиев эскерет.

Улуу адамдын атын атасаң анын элеси көз алдыга тартыла калат. Үйдө олтургандарга эшикте Шаршен келатат десе баары шарактап күлө баштачу экен. Анын сыңарындай, Жалил Салдыков деп айтканда аны ыр аркалаган орустар кыргыздын чыгаан акыны деп билишчү эле. Акындар арасында ат көтөргүс Аалысы бар, лөк көтөргүс Сүйүнбайы бар, төө көтөргүс Сооронбайы бар, Байдылда, Мидин, Райкан, Рамис, Жолон деп айта берсе улана берет...

Бирок Жакемдин дыкат койгон ар бир сабы көз жоосун эле албай көңүл тойгузар эле. Эстеп жүрүүгө оңой ыр жазчу. Ошол эле учурда башка тилдерге которууда аны түп тилдегидей күч менен кайра жаратуу мүмкүн эмес ыр жаратчу.

Орус тилине котортууда акындан акын тандачу элек. Эсимде, “Манасты” орус тилине котортуу демилгеси СССР Жазуучулар Союзунун кыргыз адабияты боюнча кеңешинде алгач талкууга алынганда табыяты элдик калемгерлерге кайрылуу алар менен акылдашып иш алып баруу кеби козголгон. Ошол жерде “Манасты” которууга кудурети жетет деп чакырылган орус акындары: В.Солоухин, В. Цыбин, Ю.Кузнецов, Е.Евтушенко, айтылуу котормочулар: С.Липкин, Я.Козловский, Т.Стрешнева алдында Жалил Садыковдун “Манас” эпосу боюнча жазган пьесалары да кеп болгон.

Кийин Фрунзеге бул маселе боюнча атайын барганыбызда улуу акын Жакемин үйүндө орустун дараметтүү акыны Юрий Кузнецов экөбүз болуп кеткенбиз. Эки акын ошондон тарта жакшы санаалаштыгы жаралган.

Жазуучулукта китеп чыгаруудан башка да иштер болот эмеспи. Алардын бири анын жазган чыгармаларынын “өмүрү” дешет. Ал канчалык узун болсо жазуучу ошончолук эл арасында жашайт. Ушул ченден алып келгенде Жалил Садыков чыгармачылыгы кыргыз барда жашай берет. Мындан артык баа бар бекен Жакемдин суу ичип, күн көргөн өмүрүндө? Жакем өлгөн жок.
XS
SM
MD
LG