Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

К. Масиров: Чек айылын азыр тигил, же бул өлкөгө тиешелүү деген туура эмес


Кошбай Масиров, Жалал-Абат облусунун губернатору
Кошбай Масиров, Жалал-Абат облусунун губернатору

Жалал-Абат облусунун губернатору Кошбай Масиров 12-майда Өзбекстандын Анжиян облусунун акими менен жолугушуп кайтты. Бул жолугушууда кыргыз-өзбек чегиндеги Чек айылына байланышкан маселе да козголгон. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча облус башчысын аймактагы кабарчыбыз кепке тартты.

- Кошбай мырза, бул жолугушууда кайсы маселелер талкууланды?

- Биринчиден, илгертен келаткан достукту, карым-катыш менен бир туугандык мамилени да мындан ары күчөтүү максатында Анжиян шаарына барып келдик. Ал облуста жашаган кыргыздардын турмушунан кабар алдык. 100 миңден ашык кыргыздар жашайт экен, алардын өкүлдөрү менен баарлаштык. Анжиянда мага жакканы бир топ жакшы жайлар бар экен, студенттер үчүн жаштар борбору ачылыптыр, 50дөн ашык ийрим иштейт экен анан биздин “Мээрим” фондусу кургандай балдардын борборун курушуптур.

- Чек айылына байланышкан маселе каралдыбы?

- Ноокен районундагы Чек айылындагы маселени биз өзүбүз уу-дуу кылып жатабыз анан ошол жерде жашагандар. Анжиян облусунун акими да тамашалап айтты, ал жердегилер жаман жашабайт, 24 үй-бүлөдө 29 автомашина бар, коншуларында андай автоунаа жок, бизге доомат койгондору туура эмес деп. Чекке мен да баргам, ал жердегилерди тоскон эч ким жок, машиналарын, өздөрүн да… Бирин да токтоткон жок, контрабанда менен иш кылгандарын токтотот экен. Өзбекстандыктар да айтышты: « Күйүүчү май силерде арзандагандан бери бизге солярка менен бензин өтүп жатат» деп.

- Бизде «Кыргызнефтегаз» ишканасы мунай өнүмдөрүн сата албай атат. Биз “Чектеги постту алып койсоңор, сураныч, эчтеме болбогону менен биздин жарандар бекеттин турганына тынчсызданып жатат» деп өтүндүк. Өкмөттөр аралык келишимдин 17- пунтунда делимитация бүтмөйүнчө бири-бирибиздин чек арабызга киришпейли деп жазылган, ошону сактайлы дедик… Алар деле макул болушту, муну чечели дешти.

- Биз облус аймагында өздөрүнүн суу станциясында иштеген 60ка жакын адамын кетирген болчубуз. Ал станция бизге да, аларга да кызмат кылат. Өзбекстандыктар ошолорду эркин өткөргүлө, бажы, чек арачылар кыйнабаса, деп өтүнүштү. Биздин айыл өкмөттөр Өзбекстандын Бек-Абат бажы бекетинин жанына, Өзбекстандын чек ара тилкеси өткөн жерге турак-жай курууга уруксат беришкен экен. “Контрабандалык жүктөр ошол жерлер аркылуу өтүп атат” дешти. Анжиян облусу чек ара тилкеси көрүнүп туруусу үчүн чек арадагы үйлөрүн 500 метр ичкери жагына жылдыртып атыптыр

-Талаш айылдын башы чечилдиби, ал кыштак кайсы мамлекетке караары анык болдубу?

- Айыл тургундары илгертен бери өзбек жарандары менен бирге жашайт, аралаш. Кимиси өзбек, кимиси кыргыз экенин ажыратуу кыйын…40-50 гө жакыны өзбек жарандары. 24 үй-бүлө биздин жарандар. Делимитация болмоюнча ал жерди тиги өлкөнүкү, же биздики деп айткандан алыс болуубуз керек.

- Ошол жердик тургундардын сөзү боюнча, Чек айылы 1936 -жылкы картанын негизинде Кыргызстанга карачу экен, 1955-жылкы карта боюнча Чек толугу менен эмес, анын үч бурч жери гана Өзбекстанга караштуу дешет. Буга пикириңиз кандай ?

- Биз картаны өтө тыкандык менен карап чыктык. Талаш жерлер көп, биздин ала турган жерлерибиз да бар.

- Чектиктер өткөн аптада президент менен Жогорку Кеңешке кат жазышкан. Ал кайрылууга жооп боло элек экен. Айыл жарандары «Азаттыкка» бизден кабар албай атат, тагдырыбызга көңүл бурбай атат, дешип, президент К. Бакиев менен Коопсуздук Кеңешинин катчысы А. Мадумаровго дооматтарын билдиришти.

- Эми алар айта беришет да, мен айтып коеюн, ал жерде Президент менен Коопсуздук Кеңешинин кыла турган иши жок, облус тараптан чечилип жаткандан кийин… Контрабанда менен жумуш кылгандарга кыйын болуп калды. Алар жүгүн өткөрө алышпай калды, ошолордун чыгарган сөзү бул. Ал жерде 22 үй-бүлө өзбек улутундагы биздин жарандар… Алардын доомат койгону туура эмес. Бири-бириңерди айыптаганыңарды токтоткула деп мен аларга айткам. Чек ара чечилмейинче бир жакка көчүрүү деген болбойт. Чек ара ратификация болгондон кийин сөз болот, көчүрүү тууралу. Эгерде айыл Кыргызстанга тиешелүү эмес болсо, анда көчүрүүгө туура келет.

- Ага чейин Чек айылыда Өзбекстандын чек ара бекети менен бетон тосмосу жана аскерлери кала береби?

- Биз тосмону айылдын наркы башына жылдырып койгула мурдагыдай деп cүйлөштүк.

- Бекетти качан жылдыраары белгилүү болдубу анан?

- Мөөнөтүн алар өз кызматтары менен cүйлөшүп карай турган болушту…

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG