Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Б. Наргозуев: Өзбекстандын мамилеси эч бир эл аралык эрежеге сыйбайт


Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен аймактарында чек араны бойлой бир тараптуу аң каза баштады. Кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку жагдайлар боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевге түз ободо бир канча собол узаттык.

- Кечээ Өзбекстан чек арачылары өздөрү тараптан чек араны бойлой тереңдиги 3 метрге чейинки аңдарды казып жаткандыгы тууралуу кабар тарады, сиз дагы маалымтыңыз болсо керек, бул иштер эмнеге байланыштуу жүрүп жатат?

- Мен жакында округдардан келдим, Аксы районунда болдум эле, ошондой сөз бар, Өзбекстан тараптын чек ара кызматы чек арада турган айылдарга атайын билдирүү жасаптыр, жакынкы күндөрдө биз чек аранын делимитация болгон участокторун каза баштайбыз деген билдирүү болгон экен. Ошону биздин айыл өкмөт башчылары, айыл тургандары байкап турушкан кандай болот деп. Кечээ ушундай сөздөрдү мен да угуп, Аксы районуна, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө телефон чалып сурасам, айыл өкмөтүнүн башчысы Сонунбек Чыныбеков айтты, ошондой сөз бар, бирок казуу башталган жок деп.

- Башка райондор боюнча маалыматыңыз жок турбайбы анда?

- Жок. Аксы району боюнча эле маалыматым бар азыр.

- Азыр эми кыргыз-өзбек чек арасында жанагыдай кыр көрсөтүүчү жагдай түзүлгөндүгү айтылып жатат. Акыркы факт, карасуулук жаран Улукбек Жорокановдун өзбекстандык чек арачылардын огунан мерт болушу болуп атат. Бул фактыга, дегеле чек арадагы жагдайга парламент кандай реакция жасашы мүмкүн. Бул маселе жакын арада көтөрүлөбү?

- Биз жакында эле Өзбекстандын межилисине кайрылуу жасаганбыз, чек ара маселесин айтып келип, бир тууган түрк элдерине кирерибизди айтып, ушул маселеге этияттык менен мамиле жасоо боюнча атайын кайрылуу жөнөттүк. Мен ойлойм, ошол кайрылуунун негизинде межилис жакынкы күндөрдө кандайдыр бир бизге реакция берет го деп. Чек ара маселеси курч бойдон турат. Бирок мунун баардыгын кызуу кандуулукка алдырбай, токтоолук менен чече турган маселе деп ойлойм.

- Айрым байкоочулар айтып атышат, акыркы мезгилде чыңалуу болуп атат, ушунун баардыгы жеке эле кыргыз-өзбек мамлекеттери ортосунда эле эмес, Борбор Азияда, анын ичинде КМШ аймагында да кооптуу жагдайды түзүшү мүмкүн деп. Сиз ушундай пикирге кошуласызбы?

- Эгер өзбек тарап ушундай кызуу кандуулукка алдырып бир тараптуу аракетти жасай берсе андай кооптуу абал түзүлүшү мүмкүн.

- Мисалы, азыр чек араны делимитация, демаркациялоо маселеси бүтө элек, ратификация боло элек да биздин парламентте. Бирок ошол эле мезгилде өзбек тарап чек ара аймагын минтип бир тараптуу казууга киришти. Кандай түшүндүрмө берсе болот буга?

- Бул туура эмес, дүйнөлүк тажрыйбада андай жок, толук ратификациядан өткөнчө андай бир тараптуу аракеттерди жасоого мүмкүн эмес. Бирок мурунтан эле, 90-жылдардын башында эле делимитация болгон көп участокторду казып алышкан өзбек тарап. Факт жүзүндө ошондой болуп калып калды. Азыр көптөгөн участоктор 90-жылдардын аягында эле казылган. Азыркы күндө казылбаган жерлер бар болчу, ошолрорду казабыз деп атышыптыр. Эреже боюнча, эл аралык тажрыйба боюнча документтерди толук түрдө эки тарап тең тааныгандан кийин гана казыш керек болчу.

- Сиз кандай деп ойлойсуз, мисалы Барак сыяктуу аймактардагы биздин шайлоочуларыбыз тоскоолдуктарга кабылып аткан экен. Ошолордун маселесин чечүүдө кандай аракеттер көрүлүш керек?

- Мен билгенден аракеттер көрүлүп эле келатат, биздин өкмөттүн регионалдык проблемалар боюнча иштеген атайын бөлүмү бар, бул бөлүм, чек ара кызматы иштеп келатат. Мен ойлойм мезгил жетти, жакынкы арада өзбек тарап менен сүйлөшүп, Барак сыяктуу анклав маселелерин чечиш керек, же жер алмаштырыппы. Ушундай анклав болуп кала берсе бул проблемалар көпкө чейин улана берет. Ошондуктан мен ойлойм, жер алмаштыруу жолу менен чечүүгө турган мезгил жетти.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG