Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

Торугарт бажысынын ичкери жылышына кимдер кызыкдар болгон?


Кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт көзөмөл бекети
Кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт көзөмөл бекети

Кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт бажы көзөмөл бекетинин 50 чакырымдай ичкери жылдырылышына нааразы болгон атбашылыктар жол тосууга чыкты. Бул маселе боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиясынын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов ушул эле күнү Коргон-Ташка барып эл менен жолугушуп кайтты. Бул жолугушууга катышкан Ак-Муз айлынын тургуну, Нарын облусунун ардактуу атуулу Калыбек Арабаевди аймактагы кабарчыбыз кепке тартты.

- Сиз Коргон-Ташта көзөмөл бекетин курууга келген кытай курулушчулары үчүн алты күндө төрт үй курулганына күбө болгон экенсиз. Адегенде кепти ошондон баштасаңыз.

- 26-июнда Кытайдын Кашкарында көргөзмө ачылып, ошого Нарын облусу боюнча делегация болуп баратканбыз. Анда Коргон-Ташта бир там курулуп аткан, анан биз токтоп сурасак ошол Торугарттагы бажыны ошол жака көчүргөнү атат дешти. Бул там ошол бажы постун кура турган куруучуларга курулуп атат деген. Биз 2-июлда кайтканыбызда 4 там курулуп калыптыр. Анан бул жака келгенден баштап ошол делегациянын курамындагылар маселени козгоп, акимге чалсак ал киши да билет экен, алар дагы элдин колун топтоп кайрылуу жөнөтүп атыптыр губернаторго. Ушинтип бүгүн комиссия түзүзүлгөн, комиссия келет дешти анан биз ошону менен Коргон-Таштагы постко бардык. Комиссиянын курамында эмес, биз жөн эле өзүбүздүн таламыбызды талашалы деп бардык.

- Ал комиссия өкмөттүк бекен, же облустукубу?

- Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган комиссия экен. Курамында УКМКнын, бажы, чек ара кызматтарынын башчылары бар он беш киши келишти, эл көп чогулуптур. Торугарттагы постко бардык, ал пост Союз учурунда аябай жакшы курулган. Бүт кыдырып чыккан соң ошол жердеги чек ара бөлүгүнүн кеңсесинде сүйлөшүп, кайра Коргон-Таштагы эл чогулган жерге келдик, ошол жанакы бажы постун курабыз деп аткан жерге. Келсек 300дөй киши чогулуптур ошол жерден туруп Өмүрбек Бабанов айтты, биз чечтик бул жерге курулбайт, мурдагы боюнча калат, бул жерге курууга дагы болгудай эмес деп. Себеби Өмүрбек Бабанов жакында Бээжинге барып келген турбайбы, жанакы кыргыз-кытай темир жолу боюнча. Темир жолду кура турган болуп атабыз, темир жол ошол Торугарттагы бажы посту аркылуу өтөт, эч кандай бул жерге пост курулбайт, туура тушүнгүлө деди. Эл болсо 10-июлга чейин бул жерге келгендер көчүп кетсин деген талап койду.

- Кимдер келиптир ал жерге?

- 40 киши келиптир, кытайлык куруучулар. Адегенде өздөрү жашаш үчүн үй куруп атыптыр. Пост курабыз деген жерге 5 тоннадай жыгач, 50 тоннадай арматура таштаптыр. Киргизбегиле деп элдин баары өтүнүштү, чоңдор курулбайт деп убада беришти.

- Айтсаңыз, президент Бакиев Нарынга келгенде “ал ушак, андайды уккан эмесмин, болушу мүмкүн эмес” дегенине карабай баары курулуп калган экен да. Анан ушу жолкуга да ишенүүгө болобу?

- Ишенүүгө болот го дейм, бул жерде биздин губернатор дагы аябай тике туруп атат. Бул жерде эки гана мекеменин кызыкчылыгы бар өңдөнүп калды да биздин түшүнүгүбүз боюнча.

- Алар кайсылар деп ойлойбуз?

- Бул Бажы комитети менен Чек ара кызматынын кызыкчылыгы экен да. Эч кимге билгизбей ошол долбоорду түзүшүптүр. Ошону түзгөн бир орус жигит барды, аны биз талоонго алдык. Ал жигит “мага ошол бажы комитети буйрутма берген ошон үчүн мен долбоорун жасадым” деди. Документациясы да жок экен, Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу бул жерди 15 жылга ижарага алган адам бар экен, ошол жердин тургуну. Эч кандай айылдык кеңештин чечими жок, райондук кеңештин чечими жок, кыскасы алар документтерин кийин алып келип бүтүрүп беребиз деген ой кетсе керек. А жанакы кытайлык куруучуларды ошол чек арачыларга “эч кимди тийгизбегиле” деп кайтартып коюптур да. Губернатордун орун басары Сапарбаев барса дагы өткөрбөй, ал “мен араң өттүм” деп айтып атпайбы.

- Кыргыздарды сабап жибериптир деген да имиш сөздөр болду эле, ошол чын бекен?

- Ошол жерди ижарага алган фермер малы кирип кетип, кирип баратса ошол кайтарган балдар кирбегиниң, сен кытайларга бирдеке кыласың деп уруша кетишип чаап ийиптир дейт, көзү көгөрүп турат деп айтышты, биз аны өз көзүбүз менен көргөнүбүз жок. Анан бирок апасына аттан жыгылдым деп айтып койгон экен. Биз ошол жерден Казыбек айыл өкмөтүнүн жетекчисине айттык, эгерде чаап ийгени чын болсо ооруканага жаткыргыла, анан териштирилсин деп.

- Жыйынтыгына сиз эми ишенип турасыз да, абал кайра өз калыбына келет деп?

- Жыйынтыгына аябай эле ишендик. Эми турмуш көргөзөт да. Бирок онуна чейин деген мөөнөт берилди, болбосо элдин баары пикетке чыгабыз деп айтышты, Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа эли. Эми аны учурунда көрөбүз да. Ошол жерде эл кытайларды кууп чыгабыз деп, тажаалданып туруп алды. Бирок Өмүрбек Бабанов “азыр эле кууп чыгарып салабыз дегенде болбойт, биз өкмөттүн жыйынында карап, токтомдун негизинде Кытайдын элчисине айтып, ошонун негизинде чыгартабыз” - деди.

- Ушунчалык бийик чек аралык маселени кантип чечип алышкан, кантип эле жогору жактагылар билбесин, ушул тобокелчилкке баргыдай алардын баштары экөө эмес да?

- Элдин арасынан бир аксакал сүйлөдү, ошол чечип алаган эки жетекчи сотко берилсин, кызматтан кетсин деп. Эмне үчүн президент билбей туруп алар чечип алат? Эмне үчүн президентти жалганчылыкка алып барат деп. Андан сырткары мен суроо бердим, кандай себептен биздин бир адам тигил жака өтө албай жатса тигил жактан 40 кишини бул жерге курулушка визасы жок алып келип, курдуруп атышат деп. Ушунун жыйынтыгын тактап бергиле дедик, эми аны кандай деңгээлде карашат бул эми өкмөттүн иши да.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG