Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:10

Түштүктүк 98 өспүрүм Ысык-Көлдө эс алат


Түштүктөгү окуялар өспүрүмдөрдүн жүрөгүндө чоң так калтырды.
Түштүктөгү окуялар өспүрүмдөрдүн жүрөгүндө чоң так калтырды.

Ош коогалаңында жапа чеккен үй-бүлөлөрдүн балдары Бишкекке жеткирилди. Ош, Жалал-Абаддан келген 98 өспүрүмгө медициналык жардам көрсөтүлүп, текшерүүдөн өткөн соң Ысык-Көлгө жайкы эс алууга барышат.

26-июнь күнү эртең мененки саат 9да Бишкекке Ош, Жалал-Абад окуяларында жапа чеккен үй-бүлөлөрдөн 98 бала жеткирилди. Бул тизмени 7 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт. Алар үчүн көзү азиз балдардын интернаты даярдалып, 4 маал тамак уюштурулуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Ош окуясында шаардан чыга албай ар кандай кыйынчылыктарга күбө болгон өспүрүмдөрдү атайын түзүлгөн топ тосуп алды.

Ош облусунан келген Айбек 6-класстын окуучусу. Айбектин айтымында, Оштогу окуядан кийин коркуу сезими дагы эле тарай элек.

- Биз абдан корктук. Анткени кадимкидей эле согуш болду. Кыргызстанда ушундай болот деп эч ойлогон эмесмин. Ал күндөрү мен Оштун өзүндө болдум. Эч жакка чыга алган жокмун. Мусалмандар бири-бирине кол салып жатышты. Бул чоң күнөө деп ойлойм.

98 баланын катарында толук жетимдер да жок эмес. Бул жерде балдарга медициналык жардам көрсөтүлүп, ар бири менен жеке педагогдор иш алып барышат. Андан кийин Ысык-Көлдөгү ден соолукту чыңдоо борборлоруна жиберилет. Бул туурасында Эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин орун басары Нургүл Жолдошова билдирди:

- Жакшы тосуп алдык. Эми балдарды жайгаштырып, тамак ашын беребиз. Андан соң дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүшөт. Ошондой эле беш күн балдар менен психологдор иштешет. Анан Ысык-Көлгө жиберебиз.

Нургүл Жолдошованын айтымында, Ош, Жалал-Абаддагы балдарын Бишкекке жиберүүдөн баш тарткан ата-энелердин балдары үчүн жер-жерлердеги лагерь, пансионаттар даярдалып жатат.

- Көпчүлүк ата-энелер балдарын бербей атат. Биз Ош шаарына барып алардын акыбалы менен таанышкан соң, жер-жерлердеги пансионаттарды жана лагерлерди даярдап келдик. Эми балдарды жайгаштыруу иши башталат. Ал эми качкындардын балдары үчүн алыс барбастан үйүнүн жанындагы мектеп өңдүү жайларга текшерүүдөн өтүүчү жайларды камдадык.

Учурда Ош, Жалал-Абаддан келип жаткан өспүрүмдөрдүн абалын психолог Перизаада Алкожоева мындайча баалады:

- Өлкөдө болуп өткөн окуялардан балдар да чоң таасир алышты. Бул учурда балдарга медициналык да, психологиялык да жардам керек. Биринчи айлары балдар коркуп, чоочуп, чырдуу да болушу мүмкүн. Бул көрүнүштөрдү бала унутканга чейин окуялар болгон жерден алыс кармоо оң. Ошондой эле алардын жакшы көргөн оюнчугу же жакшы көргөн кандайдыр бир кырдаалын түзүп берүү керек. Жакшы темадагы сүрөт тарттырыш керек. Баланы алаксытканга аракеттер жасалышы керек.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Ирина Карамушкинанын айтымында, Кыргызстан боюнча жалпы өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусу үчүн Ысык-Көлдө 700 пансионат даярдалып, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим балдардын эс алуусу үчүн мамлекеттик казынадан 5 млн. сом бөлүнгөн. Мындан тышкары апрель окуяларында жана Ош коогалаңында жапа чеккен балдар үчүн да ар кандай эс алуучу жана медициналык жактан тейлөөчү программалар каралган.

- Учурда апрель окуяларында жана Ош коогаланында жапа чеккен же болбосо ата-энеси курман болгон балдардын тизмеси такталып бүттү. Алар үчүн медициналык көзөмөлү бар атайын эс алуучу жайлар жер-жерлерде уюштурулуп жатат. Баарына жардам көрсөтүп, жайкы эс алууну уюштуруп берүүгө даярбыз. Алсак, учурда Ош коогалаңынан жапа чеккен балдар үчүн Ыссык-Көлдө эс алуу үчүн 100 орун бөлүндү.

Ош коогалаңы боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын берген маалыматы боюнча жалпысынан Ош, Жалал-Абадда жапа чеккен деп эсептелген 898 өспүрүм бар. Алардын 600дөн ашыгы Ысык-Көлдө эс алуу үчүн арыздарын беришкен.

"Азаттыктын" тасмасы: 98 өспүрүм Ысык-Көлгө барат

98 өспүрүм Ысык-Көлгө барат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00
XS
SM
MD
LG