Кыргызстанда балдардын укуктары окуп, эс алууга келгенде көп бузулат. Үй-бүлөөдө зомбулук, ур-токмокко кабылган учурлары арбын кездешет. Мына ушундай жагдайлар балдар абалына сереп салынган китепте баса белгиленген.
Жыйнактын баш редактору Атыркүл Алишеванын пикиринде, өлкөдөгү балдар абалынын начарлашы бул жаатта иштеген мамлекеттик мекемелер менен атуулдук коомчулуктун байланышынын начардыгынан да улам болууда. Мамлекеттик органдардын өзүндө ички координация да жарытаарлык эмес:
- Бул жыйнактын авторлору практиктер менен серепчилер. Ошондой болсо да макалалар менен иликтөөлөрдө жоопторго караганда суроолор басымдуулук кылат. Бул суроолор келип эле мамлекеттин иш- аракеттерине жана мыйзамдарга такалат.
А. Алишева балдардын укугунун начар корголушуна түздөн-түз ата-энелердин да тиешеси бар экенин белгилейт. Кыргызстанда балдар укугу боюнча сабатсыздар көп. Алардын ден-соолугуна да жарытып көңүл бурулбаган учурлар кездешет. Ашыкча кара жумушка тартууну тарбия катары кабылдагандар бар:
- Мисалы бул сүрөттө иштеп жаткан бала болгону үч жашта. Ал жүгөрү эгүү үчүн кетмен чаап жатат. Мен байкап турсам ал бала бир дана үрөндү себүү үчүн чуңкурча даярдоого он мүнөттөй аракеттенди. Кетмен болсо кыйла оор экен. Атасынан жашын сурасам сыймыктануу менен үч жашта экенин айтып отурат. Ошол ата баласынын омурткасына күч келип жатканын сезип да койгон жок да.
Өлкөдө кылмыш кылып жаза абактарында жаткан өспүрүмдөр абалы кыйла кейиштүү, дешет талдоочулар. Буга мисал кылып мурдараак өспүрүмдөр абагында болгон тополоңдорду белгилешет.
Учурда кылмыш жообуна тартылган өспүрүм кыздар аялдар менен бир абакта кармалат. Адилет министринин өкүлү Маратбек Жаманкулов мындай көрүнүш эл аралык келишимдерге жана Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келет, дейт:
- Бизде бир эле аялдар үчүн мекеме бар. Тилекке каршы ошол мекемеде аялдар кыздар менен чогуу турушат. Кыздар чоң аялдардан башка кармалып турушу керек. Азыр бул жаата иштер жүрүп жатат. Буюрса бир-эки айдын ичинде маселе оңуна чечилет деген ойдомун.
Кыргыз өкмөтү балдар укугу жаатында абалды оңдоого аракет жасалып жатканын жар салып келет. Бирок Улуттар уюмунун Балдар кору (ЮНИСЕФ) сыяктуу эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүндө Кыргызстан балдарын начар баккан өлкөлөрдүн катарында турат.