Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Үмүт таянычы


ЮНИСЕФ: Түрмө - кылмышка аралашкан балдарды жазалап оңдоонун жалгыз жолу эмес
ЮНИСЕФ: Түрмө - кылмышка аралашкан балдарды жазалап оңдоонун жалгыз жолу эмес

Мыйзам бузган балдардарга жардам көрсөткөн Кыргызстандагы жападан жалгыз борбор Баткен шаарында жайгашкан.

“Таяныч” аттуу бул борборду Улуттар Уюмунун балдар кору – ЮНИСЕФ ачкан.

Он үч жаштагы Айзада (Ред.: белгилүү себептер менен аты өзгөртүлдү) “Таяныч” борборунда жети айдан бери тарбияланып жатат. Бул борборго анын эжеси да келип турчу эле, бирок ал жакында эле ууру кылганы үчүн үч жылга кесилип кетти.

“Таянычтын” социалдык кызматкери Айнура Гапарова Айзаданын мүнөзү, жүрүм-туруму эжесинен таптакыр башкача экенин айтат:

- Айткан тапшырмамды өз убагында, так аткарат. Балдарга жакшы насааттарын айтып, аларга жардам берет. Билбеген нерсесин билүүгө абдан дилгирленет. Үй-бүлөсүн аябай жакшы көрөт. Апасы менен сүйлөшсөм, апасын сыйлап, жумушунун баарын кылат экен. Апасынын айтымында, кызды эңсеп улуу кызын эркерек өстүрүп коюптур. Ал эми бул кызы апасына, үй-бүлөсүнө күйүмдүү.

Өспүрүмдөр иши боюнча инспектор Гүлзат Бектурсунова Айзаданын улуу эжеси байкеси менен чогуу уурулук кылганын маалымдады. Бул борбордо ал кызга канчалык жардам беришсе да терс жолго баруудан сактап кала алышкан эмес:

- Ошол кыз он үч уурулукту өзү жасады. Ууру кылды деген арыз түшкөн эле. Ошол арыз боюнча сурак берип жатып эле он үч жолу уурулукка барды. Жетимиш миң акча уурдаган. Үйлөргө кирип акча, алтын буюмдарды кымтып кетчү.

Баткен шаарындагы “Таяныч” борбору ЮНИСЕФ тарабынан ушул жылдын апрель айында ачылган. Аталган уюмдун балдарды коргоо программасынын координаттору Елена Заиченко иликтөөнүн натыйжасында аймакта Баткен районунда кылмышка аралашып жаткан балдар саны салыштырмалуу көп экенин билдирди. Мындай балдарды дароо абакка жөнөтпөй, реабилитациялык борборлордун жардамы менен тарбия берүү маанилүү, дейт Е. Заиченко:

- Мына ушундай себептен улам борбор ачуу зарылчылдыгы келип чыкты. Азыр Кыргызстанда ювеналдык юстицияны түп тамырынан бери реформалоо иш-аракеттери жүрүп жатат. Ушундай учурда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуунун натйжалуу чараларын иштеп чыгуу, кылмышка аралашкан балдарга абакка жөнөтпөй жардам берүү абдан маанилүү.

Азыр “Таяныч” борборунда он сегиз бала тарбияланып жатат. Алардын ону райондук Ички иштер бөлүмүндө каттоодо турат. Баткен районундагы Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Мамлекет Салихова борбордо кылмышка барган балдар менен кошо алардын айланасында жүргөн курбулары, жакындары да кошо тарбияланат дейт:

- Мисалы ууру кылган баланы алалы. Ал баланын жанында сөзсүз анын иштерине аралашып жүргөн достору болот да. Биз алардын ичинен өтө берилгендерин алып келип чогуу тарбиялайбыз.

Ал арада “Таяныч” борборунда Айзада уруулук үчүн камалып кеткен эжесинин тарбиясынан тыш болуп жакшы нерселерди үйрөнүп жатат:

- Компьютер үйрөндүм. Адептүүлүк-сылыктыкты, сүрөт тартканды үйрөндүм. Башка сабактарды да үйрөндүм.

ЮНИСЕФ кыргыз өкмөтүнө Ювеналдык юстиция же жашы жете элек өспүрүмдөрдү кылымыш жообуна тартууну жумшартуу боюнча мыйзам долбоорду иштеп чыгууга жардам берди. Долбоор азыр президенттин институнун кароосунда жиберилген.

Ювеналдык юстиция мыйзамы боюнча сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун судьялары Ысык-Көлдө жыйын курган. ЮНИСЕФ өлкөдөгү ювеналдык юстицияны түп-тамырынан бери өзгөртүү керектигин, мыйзам бузган тестиерлерди абакка жөнөтпөй “Таяныч” сыяктуу реабилитациялык борборлордо тарбиялоо өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуунун натыйжалуу жолу экенин эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG