Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстанга Кытайдан сүт азыктары, жумуртка келбейт


Кыргызстанга Кытайдан жумуртка алып келүүгө убактылуу тыюу салынды
Кыргызстанга Кытайдан жумуртка алып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстан Кытайдан сүт азыктары менен жумуртка сатып алууга тыюу салды. Мындай чечим аталган өлкөдө сүт азыктарына кошулган меламинден көптөр ооруп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Октябрда Кытайда сүткө кошулган меламин затынан миңдеген адамдар ууланып, элүүдөн ашык бала көз жумган. Бул чуулгандуу окуя дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып, бир топ мамлекеттер бул өлкөдөн сүт азыктарын импорттоону токтоткон. 27-ноябрда Кыргызстан дагы Кытайдан чыгарылган сүт азыктары жана жумуртканы сатып алууга тыюу салды. Негизи коңшу мамлекеттен келген бул азыктарда меламин бар-жоктугун аныктоо мүмкүн эмес. Анткени аны текшерүүчү атайын лаборатория жок. Бирок ага карабай, Айыл жана суу чарба министрлиги ушундай чечим кабыл алды.

Өлкөнүн башкы ветеринардык врачы Калыс Жумакановдун айтымында, буга чейин өлкөгө Кытайдан жумуртка келчү:


- Биздин кызматкерлер бир айдан бери базар-дүкөндөрдү текшерип, Кытай
да чыккан сүт азыктары сатыкта жок экенин аныкташты. Бирок ал өлкөдөн жумуртка келчү. Жумурткада меламин болуп калбасын деген шек менен айрым азыктарды сатып келүүгө тыюу салдык.

Меламин уулуу, химиялык зат. Аны азык-түлүк же башка буюм-тайымдарды чыгарууда колдонууга болбойт. Кытайдагы айрым компаниялар болсо сүт азыктарындагы белокту көбөйтүү амалында аны продукцияга кошуп жиберишкен. Ошентип меламин шоколад, йогурт, балдар үчүн кургак сүт, бал муздак өңдүү азыктарда табылган.

Санитардык-эпидемиологиялык департаментинин директору Толо Исаковдун айтымында, ал зат көптөгөн оор илдеттерге алып келет:


- Меламин пластмасса, курулуш сырларын
чыгарууда гана колдонулат. Ал эми адамдын ден соолугуна өтө терс таасирин тийгизет. Ал бөйрөк, боор, кан ооруларына алып келет.

Мурда өлкөгө импорттологон баардык продукция атайын текшерүүдөн өтчү. Бирок 2007-жылдан тарта өкмөт каалоочулар гана товарларды сертификаттап, каалабагандар жөн койсо болот деген чечим чыгарган.

Мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеевдин айтымында, дал ушунун айынан өлкөгө келип аткан товарлардын зыяндуулугу текшерилбей, коркунучтуу кырдаал түзүлдү:

- Четтен келген товарлар сөзсүз түрдө сертификациялоодон өтүш керек. Калк эмне кийип, эмне жеп атканын билүүсү зарыл. Эмне үчүн мурда азыр болуп жаткан меламин чатагы өңдүү көрүнүштөр болгон эмес? Анткени болгон товар текшерүүдөн өтчү. Азыр да ошентүү зарыл, өкмөт элдин ден соолугун ойлошу керек

Ал арада айыл жана суу чарба министри Арстанбек Ногоев жогорудагы тыюу салуу ал азыктардын таңкыстыгына алып келбей турганын билдирди:

- Бизде Кытайдын ал азыктарына муктаждык деле жок. Өзүбүздүн жумуртка, сүт азыктарыбыз толук жетиштүү. Жумуртка өндүрүп саткан жергиликтүү тургундарга кайра жакшы болду.

Ошондой эле министрдин айтымында, келээрки жылы Германиядан продукцияда меламин бар жоктугун аныктай турган жабдык келет. Баасы 150 миң доллар турган ал жабдык демөөрчүлөрдүн жардамы менен сатылып алынат.

XS
SM
MD
LG