Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Кыргыз тилинин тагдыры - Кыргызстандын тагдыры


Урматтуу кыргыздар, мен тил саясатына саресеп салып изилдеп, кош тилдүү жылан гана болушу мүмкүн экенине көзүм жеткени үчүн сиздерге ушул катты жазып атам. Мен бул тууралуу Ачык Кыргызстан программасынын интернет баракчасында айткам. Европанын борбору Брюселде болуп, алардын тилдин айынан тирешкенин көрүп, буга ишендим.

Мен Европа менен Американын шаарларын түрө кыдырып, тил=эл экенине ынанып, тил үчүн күрөш эл үчүн күрөш экенине терең ишендим. Ошондуктан Кыргызстанда бир тилди тандап алып, ошол тилдин айланасына өнүкпөсө, анда улут түзүлбөй калат.

Мен азыр мамлекеттик саясат жана эл аралык мамиле маселелерин үйрөнүү максатында кыска убакытка АКШда жүрөм. Бул жакта Англис тилин билбегендерге жарандык берилбейт экен. АКШ мамлекетинен жардам алуу үчүн мен Англис тили боюнча экзамен тапшырып, араң өттүм. Бул жакта испан, кытай тили жана башка бир топ тилдерде сүйлөгөн элдер жашайт экен, бирок алардын баары англис тилин билишет экен. Билбегендери болсо кесипкөйлүктү талап кылбаган аз төлөнүүчү иштерди кылышат экен. Ушундай зор мамлекет бир тилдин айланасында өнүгүп аткан соң, кичинекей өлкөбүз башкача болушу мүмкүн эмес. Тил саясаты жагынан Венгрия менен Израилден деле өрнөк алсак болот. Айрыкча Венгрияда эл жалаң мажарча сүйлөшөт экен. Ошондуктан жаңы Башмыйзамды кабыл алып жатып, кыргыз тилинин ролун эске алып койсоңуздар.

Урматым менен,

Аскар Мамбеталиев.

Эларалык билим боюнча адис.
XS
SM
MD
LG