Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Көмүр тарткан ишканалар өкмөттөн карызын доолады


Кара-Кече көмүр кенинде биринчи вице-премьер-министр Ө. Бабанов катышкан кеңешмеде көмүр ташыган ишканалар ала албай жаткан карызын доолашты.

“Шарбон” фирмасынын директорунун орун басары Кумар Изабаевдин айтымында айрым ишканаларга өткөн жылы көмүр тартып бергендери менен акчаларын ала алышпай жатышат. Мисалы, аталган ишкана 14 миллионго көмүр тарткан, бирок 9 млн. 200 миң сом акчасы колго тие элек.

“Беш-Сары” фирмасынын башчысы Камчыбек Жолдошбаев дагы акчаларын чогулта албай жаткандыгын айтты:

-Акча тыйындарды өкмөт чечип берет го деп ойлойбуз. Бизге дагы баш-аягы 15-20 млн. карыз ТЭЦ ж.б. эсептеп келгенде. ТЭЦке берсек алар шак эле салык төлө деп атат.


Кара-Кече - Дыйкан жолу курулганына 29 жыл болгонуна карабай ремонттолбой жаткандыгына №3 жол оңдоочу ишканасынын жетекчиси Өмүрбек Турдумамбетов токтолуп, мамлекеттен бир миллион сом каражат сурады.

Чыгыш аймактар аралык салыктар жана жыйымдар боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Жумабек Мамырбаев облуста өнбөй жаткан карыздар 20 млн сомдун тегерегинде экенин белгилеп, алардын 19 млн сому Жумгалдагы көмүр казган фирмалардын карыз экенин айтты.

Кеңешмеде маалымат берген Нарын облстук акимчиликтин өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Рысбек Шалтаевдин айтымында, бул жылга облустун көмүргө керектөосү 45 миң 530 тонна көмүрдү түзүп, аларды өндүрүү үчүн “Ак жол”, “Беш Сары”, “Шарбон”, “Сардар Жумгал” көмүр казуучу ишканалары тендерден уткан. 2009-жылга көмүр ишканалары тарабынан 188 миң тонна көмүр өндүрүү пландаштырылган. Бирок көмүр казган беш фирманын төртөөсү жолдорду оңдоо үчүн тийиштүү каражатын төлөшкөн жок.

Дыйкан-Кара-Кече автожолунун участкасын биргелешип калыбына келтирүү жана андан ары тейлөө жөнүндө көмүр казып алуучу ишканалар менен келишим түзүү Транспорт жана коммуникация министрлигине тапшырылган. Бирок көмүр ишканалары келишим түзүүдөн баш тартып келатышат.

XS
SM
MD
LG