Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Ыңкылап каармандары үчүн концерт өтөт


19-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 7-апрель окуясына арналган кайрымдуулук концерт өтөт. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, концерт 7-апрелде окко учкандардын жакындары, ошондой эле бул окуяда жараат алгандар жана аларга жардам көрсөткөн дарыгерлер үчүн уюштурулууда.

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтө турган кайрымдуулук концертти “Ак шумкар” партиясы уюштурду. Концерт 7-апрелде жараат алгандарга колдоо көрсөтүү жана окко учкандарды эскерүү максатында уюштурулуп жатат.

Бул иш-чараны уюштуруп жаткандардын бири - Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, концерт маалында кыргыз эли үчүн каргашалуу күндө талбай эмгектенген дарыгерлерге мактоо баракчалары тапшырылып, аларга ыраазычылык билдирилет.

- Эл алдында ак халатчандарыдын эмгегин баалап, аларга атайын мактоо баракчаларын тапшырабыз. Анткени апрель окуяларында алардын жасаган эмгеги чоң.

Бул концертке эстрададагы жаш ырчылар гана эмес, улуу муун өкүлдөрү жана бий топтору да катышат. Айталы, Керим Турапов, Роза Аманова, Саламат Садыкова баш болгон алтын үндүү ырчылар концерттин көркүн ачмакчы. Мындан сырткары Орусиянын Биринчи каналынын “Даңазанын бир мүнөтү” долбоорунун катышуучусу Атай Өмүрзаков да өз өнөрүн тартуулайт.

Кеченин катышуучусу, белгилүү ырчы Сьездбек Искеналиевдин айтымында, мындай кайрымдуулук иш-чаралар азыркы учурда өлкөгө абадай зарыл:

- Биз дагы өз салымыбызды кошуп, эртеңки концертке катышабыз. Бул өндүү кайрымдуулук концерттер көп болуп турса жакшы болот эле. Биз эч качан жок дебейбиз.

Дагы бир ырчы Тата Улан бул өңдүү кайрымдуулук концерттерде ырдабай коюу мүмкүн болбогонун билдирди.

- Эми айтуу кыйын. Анткени өлкө мындай кырдаалда турганда кайдагы концерт. Биздин келечегибиз үчүн канча жарандарыбыз кетип калды. Бирок кайрымдуулук концертке барып катышып берем.

Ошол эле маалда бул кайрымдуулук концертке сын көз менен караган ырчылар да бар. Ырчы Айчүрөк Иманалиева маданий иш-чараларды уюштуруудан мурда санына эмес, сапатына көңүл бурулса деген тилегин билдирди:

- Беш кол тең эмес дегендей, концерт берерден мурда анын сапатына да көңүл бурушса жакшы болмок. 6-7 апрель окуяларын бетке жаап алып эле концерт берген туура эмес деп ойлойм. Уюштуруучулар санына эмес, сапатына көңүл бурушса деген эле тилек.

Уюштуруучулардын белгилешинче, бүгүн өтө турган концерттен түшкөн каражат 7-апрелде окко учкандардын үй-бүлөлөрүнө берилет.
XS
SM
MD
LG