Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Таластыктар чоң кеңешке чогулду


Апрель ыңкылабы 6-апрелде Таластагы жарандык каршылык окуялардан кийин дүрт эткен.
Апрель ыңкылабы 6-апрелде Таластагы жарандык каршылык окуялардан кийин дүрт эткен.

Бишкекте 18-апрелде Талас облусунан чыккан аттуу-баштуу адамдардын жыйыны өттү. Жыйынга катышкандар Убактылуу өкмөттү колдой тургандыктарын, ошол эле учурда чет мамлекеттерде билим алып, чет жерде иштеп жүргөн жаш кадрларды мамлекеттик башкаруу ишине тартуу зарылдыгын да белгилешти.

Коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун демилгеси менен өткөн таластыктардын чоң кеңешинде азыркы саясий кырдаал талкууланып, андан чыгуу жолдору боюнча Убактылуу өкмөткө бир катар сунуштар айтылды. Б.Мамбетов 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттү колдой тургандыгын айтып, бирок бийликте аз гана убакыт отурган өкмөт мүчөлөрүнүн кемчилиги оркоюп көрүнүп жаткандыгын белгиледи:

- Жасалып жаткан иштердин баары туура деп мен айта албайм. Жаңы бийликтин көбү көнүмүш иштерге өтүп, өзүнө жакын кишилерди кызматка тартып, бири-бири менен эрегишкенге өтүшкөндөй болуп турат. Койгон кишилердин арасынан бири да коррупцияга аралашпаган, таза, улуттук трагедиянын отуна жылынбаган, жаңы жана жаш кишилердин жок экенин айтып коюш керек.


“Айтыш” уюмунун жетекчиси Садык Шер-Нияз соңку мезгилде маданиятка көп көңүл бурулбай келгенин белгилеп, буларга токтолду:

- Азыр биздин мамлекет оор кырдаалда турат. Ушул ыңкылапка бардык кыргыз элинин катыштыгы бар. Эң биринчи кезекте жаштардын катыштыгы бар. Ошондуктан азыр бийликке жаштарды тартканга, көтөргөнгө аракет кылышыбыз керек. Мындан сырткары маданиятка кош көңүл болуп жүрөбүз. Маданият чөйрөсүнө да көңүл бурушубуз керек.

Ошондой эле бул чоң кеңеште айрымдар уруучулук маселесин көтөрүп, баш мыйзамга оң канат, сол канат жана ичкилик кыргыздардын канатын жазууну, талаш-тартыш болбосу үчүн президенттик, Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министрликти ушул үч канатка тең бөлүү сунушу да айтылды.

Мындай сунуш менен чыккан “Манас Ордо” коомдук бирикмесинин деректири Анарбек Усупбаев президент болчу кишинин ата-тегин, энеси кыргыз экенин тактап, анан шайлоону айтты. Анын айтымында, президент элдик бийликке баш ийип, жылына бир жолу элге отчет берип турушу зарыл:

- Эгерим бул бийликтин башында эл курултайы болбосо, ишибиз оңолбойт. Апасы кыргыз, таза тектүү кишини чыгарышыбыз керек.

Мына ушундай сунуштар элди жиликтеп бөлчү, кыргыз элин ХVII-ХVIII-кылымга алып барчу көрүнүш экенин таластыктардын чоң кеңешинин айрым катышуучулары белгилешип, өлкөнү өнүктүрүүнү цивилизациялык жолу менен гана жүргүзүүгө чакырды.

Ушундай эле жыйындарды мурдараак атбашылыктар, аксылыктар уюштурушкан. Мындан сырткары бир топ райондордо мамлекеттик кызматта иштеген айылдаштарын коргоо комитеттери түзүлүп жатат. Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле уруучулук механизми айрыкча шайлоолордо колдонулуп келе жатканын айткан саясат талдоочу Орозбек Молдалиев, бул өз ара чатактарга да алып келиши ыктымал деп кооптонот:

- Өнүккөн өлкөлөр бул этаптан эбак эле өтүп кеткен. Биз кайра артка барганыбыз туура эмес деп айтып жатсак, Бакиев бөлүп-жарып атат. Эми ал кеткенден кийин деле бул маселени тереңдетип алганыбыз жакшы болбойт. Азыр парламент да, өкмөт да жок болуп турган кезде ого бетер кырдаал курчуп кетиши мүмкүн. Андан көрө партиялык негизде чогулуп, партияларды бекемдеп ошол формада иштесек жакшы болмок. Мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алганга аз эле турабыз. Ушуну чиновник сөрөйлөр түшүнбөй жатышат.

Таластыктар атайын топ түзүп, бүгүн айтылган сунуштарды тиркеп Убактылуу өкмөткө жеткирмей болушту. Ошондой эле 6-7-апрелде курман болгондордун жакындарына материалдык жардам берүүнүн жол-жобосун караштырышмакчы.

XS
SM
MD
LG