Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Жалал-Абадды жарып өткөн сел


Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел, 4-июнь.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел, 4-июнь.

3- июнь түнү мөндүр аралаш эки саат тынбай жааган нөшөрдүн айынан Жалал- Абад шаары менен Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондоруна сел жүрдү. Натыйжада аталган аймактарда жарандардын үйлөрү менен короолорун жана эгин аянттарын суу каптады.

Селден айрым тургундардын үйлөрү жараксыз болуп калды. Учурда жабыр тарткан кыштактарда тазалоо иштери жүрүүдө. Чукул кырдаал министрлиги эл тарткан чыгымдарды эсептөөгө киришти.

Мөндүр аралаш жааган нөшөрдөн кийин облустун бир нече райондорунда сел жүрдү. Жалал-Абад курорту жагынан агып түшкөн кыяндын айынан аталган шаар тургуну Нур Шакеновдун үйү жараксыздыкка чыкты. Ал үй ичине кирген суудан бала-чакасын коңшуларыныкына ташып чыгууга араң үлгүргөн. Жашоого жарабай калган турак-жайын оңдоого бийлик жардам берсе деген үмүттө турганын билдирди ал.

Селдин айынан Сузак районунун Жаңы-Дыйкан, Камыш-Башы жана Сузак айылдары бөтөнчө жабыр тартканы көрүнүп турат. Аталган айылдардын тургундары райондун башка кыштактарынан келген жардамчылар менен бирге үй короо-жайларын суу жана ылайлардан тазалоодо, өрт өчүрүүчү автоунаалар сууну сортурдуп алууда.

капилет баскан селден кийин
Жарандардын айтымында 150 кожолук жашаган Жаңы- Дыйкан айылында эгин аянттарын кошпогондо 70-80 пайыз турак-жай жабыр тартты. Айыл тургуну Чынара Жусупова ушу тапта элдин коопсуздугун сактоо баарынан маанилүү экендигин жана райондук сугат тармактар ишканасынын жетишсиз ишин айтты. Анын айылдашы бастырмасы кулаган Айсалкын жаз-жай айларында кыштакты дайыма сел каптаганы менен жарандарды башка жакка көчүрүү маселеси чечилбей келатканын айтты.

Табийгый кырсыкты күн мурунтан билүү мүмкүн болбогону менен экс-губернатор Асан Шакировдун ырасташында жаан-чачындан кийин сел Ачы өрөөнүнөн баштап, Жаңы-Дыйкан жана Камыш-Башы айылдарын аралап, Сузак районунун борборуна түшүп кетет. Бул көйгөйдү ал Кызыл-Туу айыл өкмөтүн башкарып турганында көтөргөнүн билдирди. Бүгүн да ошондой болду. Маселе тиешелүү уюмдарга коюлганы менен сел жүрүүчү атайын арык-каналдарды казуу иштерине жетиштүү көңүл бурулган эмес.

Чукул кырдаал министрлигинин облустук Башкармасы селден жабыр тарткан аймактарга изилдөө топторун жиберди. Башкарманын орунбасары Нурдин Асанбеков суу ташкындан адамдар жабыр тартпагандыгын. Зыян тарткан турак – жайлар боюнча азырынча алдын – ала да маалыматтар түшө электигин жабыркаган турак – жай ээлерине жер берүү маселесин жергиликтүү бийлик чечеерин билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG