Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Кыргызстандагы референдумга орусиялык эксперттердин баасы


Кыргызстандагы референдум жыйынтыгы Орусиядагы саясый талдоочулардын баасын ала баштады. Баш мыйзамдын жаңыртылышы өлкөнү буга чейинкидей президент эмес парламент башкарууга жол ачат. Жаңы баш мыйзамга ылайык эл шайлаган парламентте оппозиция сөзсүз болушу керек.

Орусиялык эксперттердин баасында референдумдун өтүшү баарыдан мурда убактылуу өкмөт үчүн көрсөтүлгөн ишеним болду. Экинчиден, өлкөнү кыйын кезеңге дуушар кылган коогалаңдын тыйылышын билдирет дешет.

2012-жылы президент шайланган соң Кыргызстан парламенттик башкарууга өтөт. Буюрса, үстүбүздөгү жылдын күзүндө бийликтин бардык бутактары толук кандуу иштей баштайт. Өткөөл кездеги президент Роза Отунбаева келерки жылдын этегине дейре өлкөнү башкарып берет.

Кыргызстандын бир үй-бүлөлүк башкаруудан баш тартуу багытында жасалган аракеттер эмнегедир Орусия президенти Д.Медведевге жага берген эмес. Саясий талдоочулардын кай бирлери Медведевдин мындай баасы Кыргызстандагы окуялар жогортон ылдыйды карай башкаруу өкүм сүргөн Орусияга да өрнөк болуп кетпесин деп элеңдөөсүнөн улам болду дешет.

Кандай болгон күндө да өткөөл мезгилдин Кыргызстан президенти Роза Отунбаева коопсуздук маселеси көңүлдүн чордонунда боло турганын айтты:

- Коменданттык саат кайта киргизилет. Биз буга барууга мажбурбуз. Ошондон улам биздин эң биринчи буйруктарбыз да ушул багытта болот.

Чындыгында бул күнгө дейре орусиялык сынчылар Кыргызстандын түштүгүндө орун алган калабаны убактылуу өкмөт ооздуктоого алы келбей жаткандыктан деп жоромолдоп келатышат.

- Ички жагдай Кыргызстанда ушунчалык жаман, иш жүзүндө ким кааласа өткөндөгүдөй башаламанды уюштурса болот, -дейт маселен орусиялык саясий талдоочу Александр Храмчихин.

Референдум жүрүшү боюнча да талдоочулардын пикирлери ар кыл. Маселен, Фергена Ру сайтынын жетекчиси Даниил Кисловдун баамында эл кагазда жазылган арип үчүн эмес, жашоого кепилдик издеп барышты, кандай болсо ошондой болсун, эптеп эле тартипти сактап берер бийлик болсо – ошого добуш бердик дешти.

Референдум жүрүшүн өз көзү менен көрүп аткан, бул күндөрү Ош-Бишкек арасында жүргөн Орусиялык “Мемориал” уюмунун атка минери Виталий Пономарев байкашынча убактылуу өкмөткө караманча каршы чыккан кишилер бар, ошондой эле референдум – өлкөнү кайра мыйзам алкагына алып келет дегендер бар.

Бирок ким болбосун Баш мыйзамда оппозициянын коргоого алынышын таң каларлык жаңылык сыяктуу кабылдап атат. Ошондон улам азыр маалымат каражаттары атай баштаган болочок оппозициячылардын катарында Ф.Кулов, О.Суваналиев, М.Ниязов, К.Ташиев жана башкалар тууралуу да маалымат менен таанышууда.

XS
SM
MD
LG