Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Аптанын маданий жаңылыктары


Бул жумада Бишкекте салтка айланган жазгы мода жумалыгы башталды. Улуттук опера жана балет театры балдар үчүн сахналаштырган “Доктур Айболит” балетин даярдашты. Америкалык поп жылдыз Мадонна дагы бир бала багып алууга ниеттененүүдө

Бул жумада Бишкекте салтка айланган жазгы мода жумалыгы башталды. Жумалыктын алкагында автордук иштер, фото сүрөттөр, зергердик буюмдар, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун сынына коюлду. Ошону менен бирге сынактан тышкары Кыргызстанда белгилүү болуп калган Татьяна Воротникова, Зухра Мукамбетова, Галина Байкованын иштери чеберчиликтин үлгүсү катары көрсөтүлөт. Бул жолу иш-чарага сырттан коноктор чакырылган эмес.

27-март эл аралык театр күнүнө карата Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театры балдар үчүн сахналаштырган “Доктур Айболит” балетин даярдашты. Ал эми кыргыз улуттук академиялык драма театры Бурул Калчабаеванын пьесасынын негизинде “Баяндуу махабат” аттуу спектаклин сахналаштырса, “Тунгуч” театрынын артистери “Манасчы” спектаклин көрсөтүүнү чечишкен.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде бул жумада “Дүйнөнүн алтындары Кыргызстанда” аттуу эл аралык көргөзмө ачылды. Анда зергерлер жараткан эмгектер көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Кымбат баалуу буюмдардан турган бул иш-чара келгендердин зор кызыгуусун жаратты.

Австралиялык актриса Николь Кидман белгилүү америкалык кинорежиссер Вуди Алендин жаңы тасмасына тартылууга макулдугун берди. Бирок режиссер азырынча фильмдин мазмуну, сюжети туураллуу маалыматтарды тарата элек.

Москвада бул жумада “Сүрөттөгү мода жана стиль” аттуу эл аралык фестиваль ачылды. 12-июлга чейин созулчу иш-чаранын алкагында эмгектер Москванын 20 көргөзмө залында коюлмакчы.

Мындан төрт жыл мурда автокырсыктан катуу жарат алган орусиянын эл артисти Николай Караченцев кайрадан сахнага кайтып келет. Маалыматтарга караганда ал 26-октябрда Алла Азарованын пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Сүйөм жана башка эч нерсе” аттуу спектаклде ойнойт.

Америкалык поп жылдыз Мадонна эки жыл убакыт мурда түштүк африка өлкөлөрүнүн биринен бала асырап алган. Эми ырчы дагы бир бала багып алууга ниеттененүүдө. Муну АКШнын өкмөтү тастыктаган.

Белгилүү жазуучу Николай Гогольдун туулган күнүнүн 200 жылдыгына карата Москвада музей ачылат. Маалыматарга караганда музей маркум жашап жана “Өлүү жандар” аттуу чыгармасын жараткан имаратта жайгашат.

31-мартта Орусияда Индиянын маданият күндөрү ачылат. Андан орус эли индия элинин маданият менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Ушул күнү Чоң театрдын сахнасында концерт өтөт.
XS
SM
MD
LG