Жүргөн жерим жайылган,
Жүгүрө чыксам тайымдан
Жайлаган жерим жайылган
Жарыша чыксам тайымдан, - деп Эстебес он эки жашынан устаты Алымкул Үсөнбаев төкмөнүн сунушу менен Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атынадагы филармонияга ырчы болуп кабыл алынат. Ал филармониянын түбүн түптөшкөн улуу шайырлар Осмонкул, Калык, Карамолдо, Атай, Ыбырай, Саякбай жана башкалар менен жайдыр-кыштыр айыл аралап, концерт берип, баары менен ата-баладай бирге жүрүп, ар биринин сөздөрүн, ар биринин ырдаган ырларын, черткен күүлөрүн, айткан дастандарын, жомокторун көкүрөгүнө түйүп, көзүнүн карегиндей сактап, муундан-муунга жеткирүүгө аракеттенет.
“Көшөрө эмгектенсең, кызара бөртөсүң” дегендей куймак кулактуу Эстебес көшөрө эмгектенип, алп шайырлардын жандарынан жарым карыш чыкпай жүрүп, көөнөрбөс көркөм мурастарын жаттап, сактап бүгүнкү муунга жеткирди. Ал төкмө акындык менен бирге чыгармачылыгында ырчы-аткаруучулукту, обончулукту, комузчулукту, дастанчылык менен “Манас” айтуучулукту да өркүндөтөт. Кыргыз элинин бактысына бар жаралып, бир кеткен улуу манасчы Саякбай Каралаев, семетейчи Акмат Рысмендеев менен Эстебестин жаны бирге болгон. Эстекең Саякбайды туу катары тутуп “мен көргөн, билген манасчылардын эч бири дагы Сакеме тең келбейт. Сакем кылымда бир жаралып, бир келип кеткен улуу инсан” – деп Сакемдин “Манастан”, “Каныкейдин Тайторуну чапканын”, “Алмамбеттин арманын”, “Каныкейдин жомогу”, “Манастын төрөлүшүн”, “Манастын жеңишинен” үзүндүлөрүн өзгөчө суктануу, артыкча кумарлана угуп, рахатка баткан.
Эстебес эр жеткенден жадырап жайнаган жүзү, тунук үнү менен Сакемден үйрөнгөн “Манастын төрөлүшү” аттуу үзүндүсүн төгүлө-чабыла, мукамдуу сабатмалуу обондо бүтүндөй жан дүйнөсүн таштап коюп күпүлдөтүп айткан.
Эстекең азыркыдай алып учуп элире “Манас” айтсам да акындык өнөрүмдөн бак айтсын” – деп такай “Манас” айтпастан кез-кезде гана оңтойу келе калганда айта коюп жүргөнү, айтуучулук чеберчилиги тууралуу Эстебес менен 20 жыл бирге иштешип, артисттик турмуштун таттуусун бирге татышкан, Эстекеңдин шакирти, белгилүү төкмө акын Аманбай Кутманалиев мындай дейт:
- Маркум Эстекем менен баш-аягы 20 жылдай бирге иштешип жүрдүм. Сахнадан тышкары отурган жерлерде, конокто, отуруштарда, айыл-апада концерттен кийин Эстекем “Манас” айтаар эле. Ал киши улуу залкарлар Молдобасан, Саякбай, семетейчи Акматтар менен бирге иштешип калдым дечү. Менин оюмча, “Манас” айтуучулук ошолордон жуккан болуш керек. Эстекемдин башкалардан айтуучулук, аткаруучулук стили өзгөчө эле. Көбүнчө Эстекем манасчылар бар деп “Манас” айтуучу эмес. Себеби жаштар бар, мага төкмө акындык гана жетет деп такыр болчу эмес. Кээде турмушта ар кандай окуялар болот да. “Качан гана манасчылар жок болуп сыйпалап калганда мен анча-мынча “Манас” айтып коем. Залкарлар менен чогуу жүргөмүн. Ар бирөөнөн эсимде беш саптан калса да мага жетет”, - деп, анан жарым-жарым сааттан күпүлдөтүп айтып берүүчү. Айрыкча Эстекемдин үнүнүн тембринин кооздугу, айтуучулук манерасы, артистизмдүүлүгү, техникасы, чеберчилиги өтө күчтүү эле. Эстекем “Манас” айтып жатканда ар бир кыймылынан көзүңдү айырбай карап эле, үнүн тамшана угуп отураар элем. Анан “Манасыңызды” айта жүрбөйсүзбү десем кээде айтып берүүчү. Бир сөз менен айтканда Эстекем төрт тарабы төп жорго эле. Эстекемдин акындыгы, комузчулугу, манасчылыгы, өткөн турмушатагы көргөн-билгендери, бирге иштешкен шайырлардын кылык-жоруктарын да мыкты билээр, мыкты айтаар эле.
Алтын жаак, жез таңдай төкмө Эстебестин алгачкы жолу чоң сахнада “Манасты” айтып чыгышына ким себепкер болгону, кайсыл бейтааныш элдин алдында айтканы жөнүндө Эстекеңдин өмүрлүк жубайы, ырчы Райгүл Деркембаева буларды айтат:
- Эстекем “Манасты” бирге иштешкен, бирге жүргөн Саякбайдан, семетейчи Акматтан угат. Анын баарын кулагына сиңирет. Бирок Эстекең алардын көзүнчө «Манас» айтчу эмес экен. Кээ бир кезде “Саке сиздин айткан манасыныздан” айтып берейиңби деп айтса Сакем: - о, кудай урган айтып жүрбөйсүңбү, - дечү экен. Эстекем бир жылы Чыңгыз Айтматов менен Татарстанда өтүп жаткан адабият менен маданияттын жумалыгына барып калат. Жолдо баратканда Чыкем: - ай, Эстебес “Манас” айтканды билесиңби, - десе, Эстекем: - Билем дептир. Анда Чыкем – сенин акындыгыңды бул жерде түшүнсө түшүнөт, түшүнбөсө жок. Андан көрө “Манастан” үзүндү айтып койбойсуңбу дептир. Эстебес – мен көп айта албайм. Мен оң колумду созгондо эле ой, токтот, токтот деп токтотуп кой дептир. Эстекем “Манасты” биринчи жолу Казандан баштап айтат.
Чыкем: “Кудайдын кулагы сүйүнсүн” манасчылар көп. Ооздон-оозго көчө, муундан-муунга өтө “Манасыбыздын” айтылып келе жатканына сыймыктанабыз. Эстеке сенин тилиң так, азыркы манасчыларыбыз болсо сөздөрүн жутушуп, ооздорунан чыкпай калат. Эстеке сенин болсо тилиң так, угумдуу айтасың. Ошондуктан айтып жүр”, – деп айткандан кийин Эстекем кез-кезде чет өлкөлөргө барганда, кээде концертте угуучулар суранып калганда “Манасты” айта коюучу. Үйдө болсо “Манастын төрөлүшүн” жакшы айтуучу. Ал эми “Каныкейдин арманын” айтканда мен аябай ыйлоочумун. Бирге жашап, бир төшөктө жатып, бир казандан аш жеп жүрсөк да жаңы уккандай “Каныкейдин арманын” айтканда ыйлай берчүмүн. Сөздүн ачыгын айтканда акындыкка берилип кетип “Манас” айтууну таштап койду. Мен эми Эстекемдин көзү өтүп кеткенден кийин аябай өкүнүп атам. Мен деле: - ай “Манасты” айтып жүр десем болмок экен. Сөзүмдү угат беле, укпайт беле кудай билсин. Ошентип, Эстекем көп нерселерин элге таштабай өзү менен кошо алып кетти. Көрсө, “өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасын” болуп калат турбайбызбы.
Ооба, Эстекем “Манасты” абдан берилип, артыкча эргип айтаар эле. Бирок ал “мен манасчы эмесмин, мен төкмө акынмын”, - деп акындык чыгармачылыгын өзгөчө сүйүп, төкмөлүктүн туу чокусуна чыккан.