Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Ала-Тоодо гүлдөгөн Голландия жоогазындары


Кыргызстанга былтыр күзүндө Голландиядан түркүн-түстүү жоогазындардын уругу алынып келген. Бишкек шаарына жакын тоо этегине Жер планетасына окшоп тигилген жоогазындар гүлдөгөн маалда өзгөчө көрк берип турду.

Бишкектин өйдө тарабындагы тоо этегине ар түстөгү жоогазындардын калың катмарынан тигилген жоогазындар Жер шарынын элесин берип турду. Анын ортосундагы кыпкызыл жоогазындар алоолонгон жүрөктү сүрөттөп, материктер сары, Түндүк муз океаны менен Антарктида ак түстөгү жоогазындар менен берилген. Ири шаарлар болсо жоогазындын атайын сортунан чекит түрүндө жасалган. 60 метр диаметрдеги бул жоогазын аянты гүлдөгөн маалда шаардын түштүк аймактарынан жакшы көрүнүп турду.

Бул иш жеке ишкер Алмаз Абековдун демилгеси менен ишке ашты. Ал Голландиядан алып келген жоогазындын 77 миң уругун өлкөдөгү мектептерге таратып, отургузуу үчүн билим берүү министрлигине бекер тапшырган.

Ишкер Алмаз Абековдун айтымында, мындай ишке сүйүү, жакшы көргөн адамды таң калтыруу жана өмүрдүн ар бир күнүн жакшы иштер менен өткөрүп, эркин дем алуу, адамдардын жүрөгүнө жылуулук таратып, кыйынчылыктарга карабай алга кадам шилтөө максаты түрткү болгон.

Бул ишти уюштуруучулар гүлдүн кооздугу, биргелешкен эмгек адамда боорукердик сезимди көбөйтүп, айлана-чөйрөбүздү жакшыртат, ошондой жол менен адамзат өзү жана айлана-чөйрө менен гармонияда жашай алат деп эсептешет. Уюштуруучулар Кыргызстанда жоогазындарды жылдан-жылга көбөйтүү ниетинде.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG