Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Аптанын маданий окуялары


Узап бараткан аптада Бишкекте кыргыз-француз-немис кинофестивалы үчүнчү ирет уюштурулду.

Кинофестивалды маданият жана маалымат министрлиги, Кыргызстандагы Франция, Германиянын элчиликтери биргелешип өткөрдү. Жумалыктын жүрүшүндө көрүүчүлөргө кыргыз жана чет элдик режиссерлордун түрдүү жанрдагы тасмалары тартууланды. Иш-чарага ошондой эле Франция, Германия, Казакстандан белгилүү продюсер, кино сынчылар чакырылган.

Бул кинофестиваль менен катар эле Бишкектеги Кино үйүндө кинематографисттер үчүн устаттык сабак башалып, ал эки күнгө созулду. Иш чара Борбордук Азия боюнча өткөрүлүп жаткан "Киностан" кинофестивалынын алкагында өткөрүлдү. Устаттык сабакты француз продюсери Гийом де Сей, Бристоль университетинин профессору Биргит Беймерстер өтүп, алар Борбордук Азиянын заманбап кинолорун кандай кабыл алышкандыктары, кино сынчылардын борбор Азиялык түйүнүн түзүү идеялары менен бөлүштү.

Аптанын бейшембисинде ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин демилгеси боюнча түзүлгөн Ички иштер министрлигинин ыр жана бий ансамблинин бет ачары болду. Кыргыз элинин мыкты салттарын жайылтуу үчүн түзүлгөн ансамбль эркектердин хорун, бий тобун, оркестрди, солисттерди камтыйт. Ал эми топтун репертуарында кыргыз, орус жана чет өлкөлүк классиканын, азыркы жана элдик ырдын мыкты үлгүлөрү, дүйнө элдеринин бийлери бар.

Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Раимкул Аттокуров Кыргызстандын эл акыны, котормочу Омор Султановго М. Лермонтов атындагы сыйлыкты жана акын-котормочу Михаил Синельниковго А.Осмонов атындагы сыйлыкты тапшыруу салтанатына катышты. Р.Аттокуров О.Султановду жана М.Синельниковду жогорку сыйлыктары менен куттуктап, аларга адабият майданында чыгармачылык ийгиликтерин каалады. Салтанаттуу иш-чара Кыргыз артисттеринин концерти менен аяктады.

Эл аралык жаңылыктардан сөз кылсак 26-июндун тунүндө АКШда поп-музыканын падышасы аталган Майкл Джексон бул дүйнө менен кош айтышты. Ырчынын өлүмү Джексондун күйөрмандары үчүн күтүүсүздөн болду. Маалыматтарга караганда, ырчы 13-июльда Улуу Британияда концерт баштамак. Маркум ырчы чыгармачылык жолунда бир катар сыйлыктарды багындырган. Анын “Триллер” альбому эң көп сатылган альбом катары Гиннес китебине кирген. Мына ушул эле диск менен ырчы Гремми сыйлыгына 7 жолу татыган.

Орус авангардынын чебери аталган Александр Родченко жана Любовь Попованын көргөзмөсү Грецияда ачылды. Анда сүрөтчүлөрдүн 300дөн ашуун эмгектери коюлган. Бул көргөзмө 20-сентябрга чейин созулаары күтүлүүдө.

Канадалык жазуучу Элис Манро Эл аралык Букер сыйлыгына татыктуу болду. Маалыматтарга караганда, бул жолу сыйлыкка 7 өлкөдөн 12 автор ат салышкан. Алардын катарында Эдгар Доктороу, Марио Варгас, Видьядхар Найпол сыяктуу жазуучулар бар.

Кыргыз-француз-немис кинофестивалы өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00
XS
SM
MD
LG