Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Кыял терметкен кыл кыякчы


“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бүгүнкү мейманы - көптөгөн республикалык, эл аралык сынактардын жеңүүчүсү, Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин кыл кыякчысы, Агахандын “Устат-шакирт” борборунун устаты, 23 жаштагы Залина Касымова.

Залина Касымова 23 жашта. Ал ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбогон күлгүн курактын аралыгында Бишкектеги М. Абдраев атындагы музыкалык мектепти, Улуттук консерваториянын эл аспаптар кафедрасынын төрт кылдуу прима-кыякты артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Азыр болсо консерваториянын аспирантурасында окуйт. Бир эле мезгилде филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, “Устат-шакирт” борборунда иштейт.

Залина 1996-жылдан тартып республикада, Астанада, Тайванда, Ашхабадда, Швейцарияда, Францияда жана башка чет өлкөлөрдө өткөн сынактарга, эл аралык фестивалдарга катышып баш байгелерди жеңип келүүдө. Жаш кыл кыякчы “Теңир Тоо”, “Өмүр” топтору менен ондон ашык чет өлкөлөрдө гастролдо болуп, байыркы аспаптын ар кандай маңыздагы күүлөрүн тартуулады.

Залина кыргыздын эркектери тартып жүрүшкөн кыл кыякты кандайча тартып калганы жөнүндө кепти мындайча баштады:

- Мен кыл кыякка секелек кезимден кызыгып тартып калышыма биринчиден атамдын таасири деп ойлойм. Себеби атам комуз чертчү, аккардион тартуучу. Ошентип, секелек кезимден черткен күүлөрүн, тарткан обондорун угуп өстүм. Төртүнчү класска көчкөндө атам ордо калаадагы Мукаш Абдраев атындагы республикалык музыкалык мектеп-интернатка алып барды. Кабыл алуу экзаменин тапшырдым. Дароо мектепке өтүп, кыл кыяк классына кабыл алындым, жаш кезимде кыл кыякты көрүп, күүлөрүн угуп жүргөм. Бирок жакындан көрө элек элем. Кыл кыякты колума алып кармалап көргөндө аябай сүйүндүм. Ошентип, кыл кыяктан окуп калдым. Устатым болсо болсо Бакыт Чытырбаев болду. Ал кыяк күүлөрүн тартып үйрөтө баштады. Мен болсом кыяк күүлөрүнө аябай кызыга баштадым. Өзгөчө үнүнө, тембрине суктандым. Айрыкча эки кылдуу кыл кыяктан ушундай кереметтүү мукамдуу үн чыгарына таң калдым.

- Залина кыл кыяктан башка да кыргыздын музыкалык аспаптарында ойнойсуңбу?

- Ооба, ойнойм. Кыл кыякты “Устат-шакирт” борборунда окуп жүргөндө темир ооз комузду, жыгач ооз комузду какканды да кошо үйрөндүм. Устатым болсо Акыл Касаболотов болду.

- Залина, чет өлкөлөрдө да гастролдордо болуп жүрөсүңбү?

- Ооба, болуп жүрөм. Мен “Устат-шакирт” борборуна келгенден бери “Теңир -Тоо” элдик фольклордук тобу менен көптөгөн өлкөлөрдө гастролдо болдум. Парижге бардым, дүйнөлүк чоң музейдин залында концерт бердик. Ошондой эле Швецарияда, Голландияда, Белгияда, жана Европанын көптөгөн шаарларында гастролдо болдум.

- Залина, гастролдо концерт берип жүргөндө кыргыздын күүлөрүн чет өлкөлүктөр кандай кабыл алышты?

- Чет өлкөдө кыргыздын күүлөрүн жакшы эле кабыл алышат. Ал эми кыргыздар өздөрүнүн музыкалык аспаптарын, күүлөрүн баркташпайт, баалашпайт. Тескерисинче чет өлкөлүк угуучулар ушундай таң калуу, суктануу менен кабыл алышат. Биздин да жан дүйнөбүз кубанычтын кучагына батат. Концерттен кийин чет өлкөлүктөр бизге келишип, көптөгөн суроолорду беришип, бул эмне деген аспап дешип байма-бай кызыктуу суроолорду беришет.

-Залина, өзүңдөй болгон кыргыз жаштарынын бүгүнкү күндө кыргыз улуттук аспаптарына, күүлөрүнө болгон кызыгуулары кандай?

- Бүгүнкү күндө жаштарыбыздын кыргыздын элдик аспаптарына болгон кызыгуулары өтө төмөн деп эсептейм. Мен курактуу эле жаштар концерттерде чыгып жүргөндө кээ бирөөлөрү кыл кыякты бул эмне деген аспап деп сурашат. Кыргыздын эле балдары, кыздары кыл кыякты өмүрүндө биринчи көрүшүп, “Бул эмне скрипкабы?” - деп таң калгандар болушат. Мен андай замандаштарыма аябай таң калам. Себеби кыргыз болуп туруп өзүбүздүн аспабыбызды билишпегенине айран таң калам.

Азыркы жаштар батыштын поп, рок музыкаларын ырдап атышат. Алар андай музыка менен чет өлкөгө чыга алышпайт. Ал ырдын, бийдин чет өлкөлүктөргө баркы жок. Себеби биздин аткаруучулар дүйнөлүк деңгээлде аткара алышпайт. Бизде фонограмма менен жасалма ырдашат. Биз эмнебиз менен кыргызбыз, музыкалык аспаптарыбыз, күүлөрүбүз, ырларыбыз, тилибиз, динибиз менен кыргызбыз. Ошондуктан өзүбүздүн улуттук музыкабызды, тилибизди сөзсүз билишибиз керек.
XS
SM
MD
LG