Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Жоогазындар гүлдөгөндө...


“Кыргызстанда жоогазындарды жайылтуу” деп аталган демилгелүү топ 1-июлда Бишкекте “Жоогазындар гүлдөгөндө” аттуу алгачкы чыгармачылык сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Мектеп окуучулары үчүн уюштурулган бул республикалык конкурска балдардын ырлары, дилбаяндар, кол өнөрчүлүк буюмдары жана сүрөттөр катыштырылып, мыктылары тандалып алынды. Иш чаранын алкагында көргөзмө уюштурулуп, жеңүүчүлөрдүн ысымдары жарыяланды.

Байгелүү орундардын бирин жеңип алган Бермет 3-класста окуйт. Ал Лейлек районуна караштуу Ак-Тилек айылынан келген. Бул конкурска ал өзү жазган ыр саптарын жөнөткөн болчу:

Жоогазындар жадырап
Баары тегиз гүлдөптүр
Сулуулук берип тоолорго
Айлананы түрдөптүр
Таазим кылып ийилип
Жыттап көрдүм акырын
Кандай кооз гүлдөр деп
Жакшы көрдүм баарысын
Үзгөнүм жок бир дагы
Соолуп калат себеби
Гүлдөр турса ар дайым
Бизге тиет кереги
Тентек балдар шоктонуп
Тепсеп үзүп албасын
Жоогазындай көп гүлдөр
Көпкө чейин жашасын

Бермет “Жоогазын гүлдөгөндө” аттуу чыгармачыл балдар үчүн конкурска катышкандан бери таптакыр тоо гүлдөрүн үзбөй калган. Берметтин жаратылышка болгон мамилесинин көз көрүнө өзгөрүүсү үчүн анын апасы Батма Абдухамидова конкурстун уюштуруучуларына ыраазы:

- Бул жалпы Кыргызстандын жашоочуларына чоң сабак боло турган иш болуп жатат. Ошондой эле гүлдөргө аяр мамиле жасоого кичинекей кезден баштап тарбия болуп эсептелинет. Менин кызым ушунчалык гүлдү жакшы көрчү. Эми аларды аябай эле аяп, тоого барган кезде “Апа, мен гүлдү үзгөн жокмун, алар соолуп калат да” деп отурат. Демек биз балдарга жаштайынан ушундай тарбия беришибиз керек экен.

Конкурска дээрлик Кыргызстандын баардык аймактарынан балдардын эмгектери келген. Албетте бул жерде байге да түрткү берет, бирок окуучулардын жазган ырларын, дилбаяндарын, кол өнөрчүлүгүн, сүрөттөрүн көргөнүңдө чыны менен табият менен адамдын ортосундагы мамилени даана байкаса болот.
Иш чараны уюштуруучулар бул конкурсту Кыргызстандагы чоң жоогазын идеясынын бир тамчысы катары белгилешүүдө. Себеби алардын максаты Голландия жоогазындарын Кыргызстанга текши таратуу. Бул үчүн 2007-жылы Амстердам кааласынан алгачкы 77 миң жоогазын уругу Бишкекке келип түшкөн.

Кыргызстанга былтыр күзүндө Голландиядан түркүн-түстүү жоогазындардын уругун алып келген Алмазбек Абеков Бишкек шаарына жакын тоо этегине Жер планетасына окшоп тигилген жоогазындар аянтчасын жараткан. Анда Жер шарынын элеси берилип, так ортосунда кыпкызыл жоогазындардан жүрөктүн сүрөтү түшүрүлгөн. Кыргызстандагы бул жоогазындаштыруу кыймылынын урааны - “Ааламга арналган жүрөк”.

Жоогазындар гүл ачканда...
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:41 0:00
XS
SM
MD
LG