Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

«Айтыш» акындарды сыноодо


"Айтыш" фестивалы бул жолу Ош шаарында өтүүдө.
"Айтыш" фестивалы бул жолу Ош шаарында өтүүдө.

Президенттин байгеси үчүн жылда өтүп келаткан “Айтыш” фестивалы быйыл Ош шаарында өтүп жатат.

Мындан ары төкмө акындардын “Айтыш” фестивалы бир жыл эл аралык деңгээлде өтсө, бир жыл республиканын гана төкмөлөрүнүн катышуусунда өтмөй болду. Андыктан быйылкы фестивалдык жарышка Кыргызстандын гана төкмө акындары катышууда. Бирок Казакстандан конок катары төкмөлөр чакырылды.

Маданият жана маалымат министрлигинин адиси Тыныбек Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Президенттик байге фестивалдык жарышка катышкан 16 төкмөгө бөлүнүп ыйгарылмакчы:

- Биринчи баш байге - гран-при 200 000 сом. Биринчи орун 100 000 сом, экинчи орун 70 000 сом, үчүнчү орун 50 000 сом. Анан дагы төрт орунга 10 000 ден 40 000 сом берилет. Анан дагы кызыктыруучу сыйлыктар бар – 5 000 ден сегиз сыйлык. Жалпы 500 000 сом.

“Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Шайырбек Абдрахмановдун айтымында, жарышка катышууну каалаган таланттарга чек жок жана мындан ары аталган фестиваль Кыргызстандын бардык дубандарында өтүп турмакчы:

- Быйыл “Айтыш” Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарында өтүүдө. Фестивалдык иш чараларга Ош шаардык мэриясы жана Ош облустук мамлекеттик администрациясы көмөк көрсөтүүдө.

Төкмө акындардын жарышына белгилүү төкмөлөр Элмирбек Иманалиев, Рахматулла Козукеев, Жеңишбек Токтобеков, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаевдер катышат. Ал эми жаш төкмөлөрдүн арасында төкмө кыздар да чыгууда. Маркум төкмө акын Майра Керим кызы “Айтыш” коомдук фондунун алдында төкмө кыздардын “Айым айтыш” бөлүмүн түзгөн эле. Фонд мына ушул бөлүмдүн иштешине кам көрмөкчү:

- Кудай буйруса төкмө кыздардан уучубуз куру эмес. Азыр Жыпар Кожокеева деген акын кызыбыз бар. Кыйла такшалып калды. Ошондой эле Айгүл Бердигулова деген кызыбыз да такшалып келатат. Майра эже түзүп кеткен “Айым айтышка” бир топ кыздар келип да жүрөт. Садык Шернияз менен да кечээ жакында сүйлөштүк – “Айым айтышты” өстүрөлү деп.

“Айтыш” фестивалынын калыстар тобун Маданият жана маалымат министринин орунбасары Ороз Айдаров жетектөөдө. Ал эми төраганын орунбасары “Айтыштын” негиздөөчүсү Садык Шернияз. Калыстар тобунун 7 кишиден турган курамында Ош педагогикалык университетинин ректору Каныбек Исаков, манасчы Рыспай Исаков, Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев, белгилүү комузчу Саадабай Шабдановдор бар.
XS
SM
MD
LG