Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Жаңырган жуманын маданий окуялары


19-сентябрда Бишкекте поп музыканын падышасы аталган Майкл Джексонду эскерүү концерти болот.
19-сентябрда Бишкекте поп музыканын падышасы аталган Майкл Джексонду эскерүү концерти болот.

Бул жумада "Манас" кинотеатрында “Чыңгыз менен Бүбүсара” аттуу көркөм тасма көрсөтүлөт.

Фильмде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиевага болгон сүйүүсү чагылдырылган. Тасмада башкы ролдорду Азамат Калман жана Махабат Байгабылова ойношот.

Ал эми тарых музейинде “Сүйүүдөгү көз жаш, эгиздер тагдыры” аттуу тасма тартууланууда. Кино күйөмандары бул жумада ошондой эле “Кыргызфильм” киностудиясы тарткан “Боордош” даректүү тасмасына күбө болушат.

15-сентябрда Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде корей сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылат. Ал эми 17-сентябрда "Спартак" стадионунда Орусиянын “На-На” тобунун концерти өтөт. Улуттук филармонияда “Гендель, Гайдн, Мендельсон” аттуу долбоордун жыйынтыктоочу концерти уюштурулат. Кечени филармониянын камералык оркестри коштойт.

19-сентябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда поп музыканын падышасы аталган Майкл Джексонду эскерүү концерти болот. Кечеде Мирбек Атабеков баштаган кыргыздын жаш ырчылары Майкл Джексондун чыгармаларын аткарышмакчы.

Мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстанга берилген белектер” аттуу көргөзмө ачылды. Анда Кыргызстандын өлкө башчыларына берилген белектер коюлган. Өлкө башчыларына түшкөн белектердин көпчүлүгүн сайма сайылган сырт жана баш кийимдер түзөт. Ошондой эле килемчелер, кооздук буюмдары бар.

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын артистери бул жумада Мар Байжиевдин чыгармасына коюлган “Кыз-күйөө” комедиясын жана “Окуя” спектаклин көрсөтүшөт.
XS
SM
MD
LG