Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Бишкекте эл аралык “Бир дүйнө” фестивалы өтөт


Эртең Кыргызстанда адам укуктары боюнча даректүү фильмдердин “Бир дүйнө” фестивалы ишин баштайт. Бул фестивалдын алкагында бүгүн кинорежиссерлор тегерек үстөл өткөрмөкчү.

Иш-чаранын чоо-жайы тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун өкүлү, укук коргоочу Диана Макенбаеваны түз байланышта кепке тарттык.

- Диана айтсаңыз, бүгүнкү тегерек үстөл кандай форматта өтөт, кандай маселелер талкууланат?

- Бул тегерек үстөлдүн максаты даректүү тасмалар аркылуу адам укугун алдыга жылдыруу. Ушул темада режиссерлор арасында, биз ойлойбуз аябай кызуу пикирлер болот, анткени мындай талкуу биринчи жолу өтүп атат режиссерлордун ортосунда. Айтып кетейин ушул тегерек үстөлгө биз Чехиядан “Единсвет” фестивалынын директору Игорь Блажевичти, Сербиядан Марко Поповичти жана Америкадан, Монголиядан атактуу режиссерлорду чакырганбыз. Ошол эле учурда Кыргызстандан дагы белгилүү жана жаш режиссерлор катышмакчы.

- “Бир дүйнө” фестивалы өзүңүз айткандай адам укуктарын алдыга жылдыра турган, коомчулуктун көңүлүн бура турган бир иш чаралардын бири болуп калды. Бүгүнкү күнгө карата адам укуктары жаатында кинотасмаларды тартууда өксүктөр эмнеде экени азыр аныкталдыбы, тажрыйба эмнени көрсөттү?

- Эгерде айтып кете турган болсок, биз бул фестивалды быйыл үчүнчү жолу өткөрүп атабыз. Быйыл биз аялдар, балдар укуктары, экологиялык коопсуздук боюнча жана башка укуктарды көрсөтөбүз. Быйыл Кыргызстандан “Терезе” жана “Саламатсыңбы, күнүм?” деген эки тасма катышат. Биз ушул фильмдер аркылуу өзүбүздүн жаштарды жана көрүүчүлөрдүн укук тарабынан аң сезимин көтөрөбүз деп ойлойбуз. Анткени көпчүлүк өздөрүнүн укуктарын жакшы билишпейт жана ушул фильмдерди көргөндөн кийин талкуулар болот. Ага эксперттер, режиссерлор өздөрү да катышмакчы.

- Сиз укук коргоочу катары бул жаатта режиссерлор кайсы өңүттөргө көңүл бурса деп ойлойсуз?

- Азыр кайсы тарапта укук бузуулар болсо ошол жакка көбүрөөк көңүл бурушу керек. Мисалы, Кыргызстанда аялдар, балдар укуктары социалдык-экономикалык жактан бузулган учурлар аябай көп. Кыргызстандык режиссерлор ошолорго көңүл буруп, ошол боюнча фильмдерди тартса абдан жакшы болмок.

- Кыргызстандык режиссерлордун бул иш-чарага мамилеси кандай болуп атат, канчалык деңгээлде катышып атат?

- Биз тегерек үстөлдө ушул проблемаларды көтөрүп, ушул боюнча маектерди жүргүзүп, анан келээрки жылдары дагы бир топ даректүү фильмдер тартылат деп ойлоп атабыз. Бизде чынында адам укуктары боюнча даректүү фильмдер абдан аз тартылат. Ошон үчүн биз мындан ары бул багыттагы тасмаларды тартууга түрткү берүү максатында бүгүнкү тегерек үстөлдү уюштуруп жатабыз.

- Маегиңизге рахмат
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG