Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Жаңы жылдык камылгалар жана өрт коопсуздугу


Жаңы жылды майрамдоодо салтка айланып калган жардыргычтар, фейерверк, жанар от оюнчуктар сатып алынып, камылгалар көрүлүүдө.

Учурда жаңы жылды майрамдоого акыркы камылгалар көрүлүп, кытай өндүрүшүнөн чыккан шаан-шөкөткө багытталган жардыргычтар, асманга атылуучу жарык чачкычтар, фейерверк сатып алгандар да, саткандар да арбын.

Эгемендүүлүк менен кошо келген мындай саамалыктарсыз жаңы жылды майрамдоонун шааниси чыкпасын айтып жүрүшөт.

Жаңы жыл жакындаган сайын көчөлөрдү өспүрүмдөр тарсылдактарды эртелеп тарсылдатып, зоок кура башташты.

Ал эми жаңы жылдын эртеси күнү тарсылдактардын айынан эшикке чыкканда күкүрт жыттанып, дем алууга терс таасирин тийгизген учурлар кездешет. Атылган жардыргычтардан чыккан түтүн адамдын ден соолугуна зыян экенин адистер байма-бай айтып келатышат.

Ошондуктан шаан-шөкөт үчүн пайдаланчу жардыргычтар, жарык чачкыч буюмдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууга адистер чакырып келишет. Ушундай эле пикирин «Пишпек» базарында жаңы жылдык жасалга, буюмдарын сатып жүргөн соодагер Арстанбек Жумалиев да эскертти.

Ал жардыргыч же тарсылдак заттарын сатып алууда атайын колдонуу эрежелери кыргыз жана орус тилдеринде жазылган сертификатын да кошо талап кылуу керектигин кошумчалады.

Жаңы жылдык жардыргыч заттарын сатып алуучу Тумар Дөөталиеванын пикиринде, жеткинчектердин коопсуздугун сактоо үчүн жаңы жылдык жардыргычтарды колдонууда жанында ата-энеси же ага- эжелери болуусу зарыл.

Жаңы жылдын шаанисин арттырган мындай жардыргыч, фейерверк, тарсылдактар, ракеталардын баасы да түрүнө, көлөмүнө жараша ар кыл. Жыйырма сомдон бир-эки миң сомго чейинки баада ар түрдүү жаңы жылдык бытыра, тарсылдактарды базарлардан тапса болот. Кардарлар чөнтөгүнө жараша түрүн тандап алышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, полковник Болот Ногойбаевдин айтымында, мектептердеги, театрлардагы жаңы жылдык кече, оюн-зооктордо өрт коопсуздугун сактоо иш-чаралары көрүлүүдө.

Кытай өндүрүшүнөн чыккан жардыргычтарды, жарык чачкычтарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан мурдакы жылдары жаңы жылдык салтанатта жабыр тарткан айрым балдар майып болуп калышканын Болот Ногойбаев эскертип, “Азаттыкка” мындай деди:

- Бул пиротехниканы жөн гана "Жаңы жылдык жардыргыч" деп атаганыбыз менен булар башка жардыруучу уулуу заттар менен таасири бирдей эле. Жаңы жылдык жардыруучу заттарды 5 класска бөлүп карай турган болсок, анда 1 ден 3 кө чейинки 5 метрден 20 метрге чейинки аралыкта- адамдын ден соолугуна коркунуч келтирет. Төртүнчү жана бешинчи класстагы жардыргычтарды сатууда сөзсүз түрдө лицензия болушу керек. Жогорку класстагы жардыргычтарды колдонуунун аягы оор жаракат алуу менен бүтөөрүнө шек жок. Мындай жардыргычтардан адамдар оор жаракат алышып калышы мүмкүн. Ошондуктан мындай жардыргычтарды атайын билими, даярдыгы бар адистер гана пайдаланууга улуксат берилген. Өрт чыгуу коркунучу да ушундай жардыргычтардан улам чыгууда.

Кабат үйлөрдө жашагандар балкондо туруп асманга жасалма ракета багыттап, жаркырак фейерверктерди жогору атышат. Байкоосуздан коңшуларынын балконуна түшүп же чогу өчө элек жардыргычтардан өрт чыгышы да ыктымал.

Ошондуктан жаңы жылды майрамдоодо коопсуздук эрежелерин сактоонун зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн адистери эске салып, төмөнкү эрежелерди сунуштайт.

-Тарсылдак жарылып бүткөнгө чейин анын жанына барбаңыз.

- Мөөнөтүнөн өтүп кеткен жардыргычты колдонбоңуз.

- Кичинекей балдарга тарсылдакты карматпаңыз.

-Күйүп бүткөндө күкүртүн оозуңузга салбаңыз, ууланасыз.

-Тарсылдап жатканда карабаңыз, ал көзүнүзгө зыян.

Адистердин билдиргенине караганда, жаңы жылдык жардыргычтардын сатылуу деңгээли дүйнөлүк аренада жыл сайын өсүп жатат. Ал эми жаңы жылдык майрамга карата эң көп сатылып жаткан товарлардын катарына жардыргычтар кирет.

Бир үй-бүлө жаңы жылга карата албадым дегенде эле 200-300 сомго жардыргыч сатып алышат.

Жакынкы эле Орусияда жаңы жылдык жардыргыч, фейерверк, шамдардан түшкөн киреше өлкөнүн бюджетинин 30 пайызын түзөт.

Аталган шаан-шөкөт үчүн жардыргыч заттарды чыгаруучу ишканалар дүйнө жүзү боюна жүздөп саналат. Коңшу Кытай ушундай жардыргыч заттарын импорттоочу ири өлкөлөрдүн катарына кирет.

Дүйнө жүзүнө сатыкка кетип жаткан шаан-шөкөт жардыргычтардын көбүнчөсү Кытайдан жасалып, башка өлкөлөргө жиберилип турат.

XS
SM
MD
LG