Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

“Жаңы Ала-Тоо" "Мекендеш" журналын да чыгарат


“Жаңы Ала-Тоо” журналынын 2010-жылдагы алгачкы санына Кыргызстандан сыртта жашап жаткан кыргыздардын чыгармаларын, ой-пикирлерин камтыган “Мекендеш” журналы кошо басылууда.

Бишкектеги “Турар” басмасы каржылап чыгарып жаткан “Жаңы Ала-Тоо” журналынын 2009-жылда 7 саны жарык көрдү. 2010-жылдагы алгачкы санына аксакал жазуучу Жапаркул Токтоналиевдин кыргыздар тууралу романы, эл жазуучусу Эрнис Турсуновдун Чокан Валиханов жөнүндөгү көркөм чыгармасы, Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик” романы, маркум эл артисти Асанхан Жумакматовдун өзүнүн өмүр баяны тууралуe жазган чыгармасы басылууда.

Ошондой эле окурмандар “Жаңы Ала-Тоонун” 2010-жылдагы жаңы санынан жаш акын Мирлан Самыйкожонун ырлары, жазуучу Мырзаян Төлөмүшевдин котормолору жана театр режиссеру, маркум Жалил Абдыкадыровдун аңгемелери менен тааныша алышат.

Журналдын башкы редакторунун орунбасары Айдар Сармамбетов “Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы санынын мурдагы сандарынан өзгөчөлүгү катары - ичинде чогуу басылган “Мекендеш” журналы менен чыгып жатканын белгиледи:

- “Мекендешке” биз чет мамлекеттерде жашап жаткан кыргыздардын тагдыры, ийгиликтери, көйгөйлөрү тууралуу өздөрү жиберген каттарын жана көркөм чыгармаларын басып жатабыз. Атайын маалымат боюнча, дүйнөнүн 29 өлкөсүндө үч жарым млн. кыргыз бар деп айтылат экен. Андан сырткары Кыргызстандан убактылуу бир жарым млн. кыргыз чет жактарда иштеп жатыптыр. Эми “Мекендеш” журналы жарым жылда “Жаңы Ала-Тоодон” бөлүнүп, өзүнчө чыга баштайт.

Азырынча “Жаңы Ала-Тоонун” редакциясына Орусияда, Казакстанда жана Италияда жашап жаткан кыргыздардан каттар жана чыгармалар келип түштү.

Социология илимдеринин кандидаты, публицист Топчугүл Шайдуллаеванын пикиринде, “Жаңы Ала-Тоо” журналы көбүнчө көркөм чыгармаларды басуу менен эле чектелип, жалпы улуттук адабиятка көз салган сын макалалар басылбай жатат.

Топчугүл Шайдуллаеванын айтымында, мындай сын макалалар адабиятчылар тарабынан жазылууда, бирок журналдын алар менен байланышы болбой жаткандай:

- Адабий сын макалалар чыгарманын авторлору үчүн эле эмес, ал улуттук адабият үчүн, окурмандардын табитин багыттоо үчүн, китеп маданиятын калыптандыруу үчүн зарыл го. Адабий сындын жоктугунан кайсы китеп кандай экенин билген да эч ким жок. Илгери биз айрым китептерди ал тууралу жазылган адабий сын макаладан улам таап окуур элек. Ошондуктан “Жаңы Ала-Тоо” адабий сын макалаларды басып баштаса жакшы болмок.

“Жаңы Ала-Тоо” журналы жаңы жылдан тарта бардык жанрдагы көркөм чыгармаларга, адабий сын макалаларга, тарыхый изилдөөлөргө сынак жарыялап жатат. Сынак Айдар Сармамбетов “Азаттыкка” билдиргендей, бир жыл бою жүрүп, жыйынтыгы жыл соңунда чыкмакчы:

- Биз бул сынактын башкы жеңүүчүсүнүн китебин чыгарып, калем акысын төлөп беребиз. Калгандарына да акчалай сыйлыктарды ыйгарабыз. Сынакты албетте улуттук адабияттын өсүшү үчүн, чыныгы таланттарды чыгаруу үчүн уюштуруп жатабыз.

XS
SM
MD
LG