Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

“Курманжан датка” даректүү тасмасын тартуу уланууда


Сүрөттө: Алай тоолору. "Курманжан датка" даректүү тасмасынын негизги бөлүгү Алайда тартылмакчы.
Сүрөттө: Алай тоолору. "Курманжан датка" даректүү тасмасынын негизги бөлүгү Алайда тартылмакчы.

Кыргыз элинин белгилүү инсандарынын бири - Курманжан датканын 2011-жылы белгилене турган 200 жылдык мааракесин утурлап, кинорежиссер Замир Эралиев Ошто, Алайда даректүү кинотасма тартып жаткан. Түштүктөгү окуялардан улам токтоп калган тартуу иши эми кайра уланмакчы.

Кыргыз эл артисти, белгилүү киорежиссер Замир Эралиев кыргыз кино тарыхында биринчи жолу тарыхый даректүү фильм тартууга ниеттенип, 2010-жылдын май айынан Курманжан датка, ал жашаган доор тууралу даректерди чогултууну Ош, Алай жергелеринен баштаган болчу.

Түштүктөгү кандуу окуялардан улам токтоп калган фильмди тартуу иши Чүй аймагында уланып, айрым эпизоддор тасмага алынды. Замир Эралиев Алайда тийиштүү материалдарды чогултуп жүргөндө, Алымбек датканын өлтүрүлүшү тууралуу жаңы маалымат алган. Бишкектеги эпизод мына ошол маалымат боюнча тартылды:

- Мен Алайда жүргөндө туугандарынан Алымбек датканы Чотон деген киши өлтүргүч намаз окуп аткан учурунда, башы жерге тик сайылып тизелеп сыйынып турган маалында өлтүргөнү тууралуу маалымат алдым. Алымбек датканын өлтүрүлүшү ушул маалымат боюнча тасмалаштырылды.

Фильмде Алымбек датканын ролун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков ойноду. Ал эми Курманжан датканын фильмде беш башка курагы чагылдырылат. Канышанын мамлекеттик ишмер катары бышып жетилген курагын Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Жамила Сыдыкбаева ойноп жатат.

Замир Эралиев кечээ жакында түштүк жергесине барып, фильмди тартууну улантуунун мүмкүндүктөрүн байкап келди:

- Фильмди тартуу боюнча Ош облусунун, Ош шаарынын коменданттары менен сүйлөшүп келдим. Алар жардам беребиз дешти.

“Курманжан датка” даректүү фильмин тартуунун демилгечиси, “Кураманжан датка” коомдук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, тасма быйыл 17-сентябрга чейин даяр болуш керек. Тасманын тартылышына өкмөт тарабынан бир жарым млн. сом каражат бөлүнгөн жана фильмди тартууга “Кыргызфильм” киностудиясынын соңку үлгүдөгү мыкты делген техникалык жабдыктары тартылды:

- Биз бул фильмди тартууда режиссер Замир Эралиевге актерлорду, тасмага алуу тобун тандоодо толук эркиндик бердик. Ошентип фильм түштүктөгү каргашалуу окуялар болбогондо, тартылып бүтүп деле калмак. Замир Эралиев чыгармачыл топ менен түштүккө кайрадан жөнөп жатат. Бирок ал жактагы абалдан улам, канткен менен кооптонуулар да жок эмес. Кудай буйруса, тасманы 17-сентябрга тартып бүтүшүбүз керек. Себеби андан ары башка чет мамлекеттерге көрсөтүп, Курманжан датка тууралу көркөм фильм тартууга киришүү керек.

“Курманжан датка” даректүү фильминин режиссеру Замир Эралиевдин айтымында, фильмдин бир топ эле эпизоддору тартылып даяр болуп калды. Келаткан жумадан фильмди тартып жаткан чыгармачыл топ тасмадагы эң орчундуу бөлүмдү тартуу үчүн кайрадан Ош аймагына жөнөмөкчү.

- Фильмде биз сөзсүз Оштон тарта турган абдан маанилүү, орчундуу, дегеле кинотасманын негизин түзүп турган эпизод бар. Ал – Камчыбектин дарга асылышы. Мында – эненин бир элин ойлоп, бир уулун ойлоп толгонушун, жандүйнөнүн ички күрөшүн тасмалаштыруу - өтө чеберчиликти талап кылчу эпизод. Андыктан биз бул сүрөттү абдан изденип иштешибиз керек. Дагы калган бөлүмдөрдү Алайдан тартабыз.

XS
SM
MD
LG