Аптанын дүйшөмбү күнү кино үйүндө «Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдер өлкөсү» долбоорунун алкагында кыска метраждуу кино тасмалар көрсөтүлдү. Алардын катарында Эрнест Абдыжапаровдун «Троллейбус», Гуля Исаеванын «Жашоонун белеги» Айнура Эшматованын «Жол», Анара Кумарбекованын «Ата Мекендин өгөй балдары» фильмдери бар.
Маданият жана маалымат министри Садык Шернияз бул жумада Жалал-Абад облусун кыдырды. Сапардын алкагында министр июнь айындагы баш-аламандыктан жабыр тарткан облустук телевидениенин акыбалын көрүп, Барпы Алыкулов атындагы окуу жайында маданият ишмерлери менен жолугушту.
28-29-августка белгиленген белгилүү Куйручук куудулдун 145 жылдыгына арналган фестиваль өтпөй калды. Бул туурасында "Куйручук" маданий борборунун жетекчиси Борончу Кудайбергенов маалымат жыйында кабарлады. Анын айтымына караганда, иш-чара белгилүү бир себептерден улам күз айларына жылдырылган.
Шотландияда китептердин эл аралык фестивалы ачылды. Ага дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр жана маалымат өкүлдөрү чогулду.
15-августта Санкт-Петербургда “Кино” тобунун жетекчиси, белгилүү рок ырчысы Виктор Цойду эскерүүгө арналган концерт өтөт. Маркум ырчы 1990-жылдын 15-августунда жол кырсыгынан каза болгон. Эскерүү кечеге белгилүү маданий ишмерлердин катышаары күтүлүүдө.
Күз айларында Москвада Давид Ойстрах атындагы кыл кыякчылардын 4-эл аралык фестивалы өтөт. Ага 15 өлкөнүн музыканттары катышат. Ал эми таланттардын өнөрүн мыкты професионал ишмерлерден турган калыстар тобу баалайт