Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Ар тараптуу шыктагы Казакбай Абдиев


“Талант тагдыры” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын коногу – Кыргыз улуттук жазуучулар, журналисттер, сүрөтчү, композиторлор биримдиктеринин ардактуу мүчөсү, белгилүү комузчу, домбрачы, ырчы, обончу, акын, жазуучу, сүрөтчү Казакбай Абдиев.

Казакбай Абдиев 1939-жылы айтылуу Таластын Кара-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. Көк-Арык мектебин “5” деген баа менен бүтсө да, күнүмдүк жашоо шартына жараша жогорку окуу жайынан окуусун улантпастан, киндик каны тамган айылында үч жыл кара жерди каңтарып трактор айдайт.

Казакбай боз улан болсо да жаз жарышында, күз күрөшүндө күжүрмөндүн менен иштегендиги үчүн айылдык кеңешке депутаттыкка шайланат. Алгачкы эмгек жолун карала-торала болуп трактор айдоодон баштаган жигит келечекке көз чаптыра билим гана эрезеге жеткирерин чечет.

Ал ордо калаадагы политехникалык институтунун инженердик факультетине өтөт. Өзүнүн көксөп кирген окуу жайын ийгиликтүү бүтүрөт. Транспорт тармагында чейрек кылым жемиштүү эмгектенет.

Казакбай кесиби боюнча инженер болсо да “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп эс тарткандан тартып бүгүнкү дөөлөттү жемиши бир жашка карыса да колунан комузду, домбраны, калемин, оозунан ырын түшүрбөй аңгеме, повесттерди, ырларды жазып, кала берсе сүрөт тартып чыгармачылыктын казанында кайнап, угуучуларга эрмек болуп келүүдө.

“Азаттык”: Кудай таалам сага ар тараптуу, көп жактуу шыкты бериптир. Чыгармачылыңдын башатын комуз чертүүдөн, домбра тартуудан, ыр ырдоодон, обон чыгаруудан, ыр жазуудан баштадыңбы?

Казакбай Абдиев: Мен эс тарткан кезде үйдө бир кичинекей комуз бар эле. Бир күнү атам: “бул комуз улуу акын Токтогулдун комузу, 30-жылдары мен Кетмен-Төбөгө барганда Током “бир балалуу болосуң. Ошол балаң чертсин” деп, белекке берген” деди. Ошол күндөн Токомдун кичинекей комузун күүгө келсе да, келбесе да черте баштадым. Ошондо атам “ай балам, күүнүн башы чычканбай деген болот, өзүңөн-өзүң үйрөнүп кетесиң” деди да мага эки кайрык күүнү үйрөттү.

Андан кийин Токтогулдун, Ниязалынын, Карамолдонун, Ыбырайдын, Атайдын күүлөрүн үйрөнүп черте баштадым. Беш жыл политехникалык институтта окуп жүргөндө комузчулар ансамблине катышып жүрдүм. Ансамбль менен Алматы жана башка республикаларга барып өнөрүбүздү тартууладык.

“Көч жүрө жүрө оңолот” дегендей кийин улуу Шайырдыктын жолдорун жолдоп комузга күү чыгара баштадым. Баш аягы беш алты күү чыгардым. Анын бирөө “Жан сергитет” деген күүм. Дүйнөдө жанымды жай алдырган музыкалар болот. Мен бул күүмдү болсо кыргыз уулдарынын жан дүйнөлөрүн сергитип ыракат тартуулайын деп чыгардым.

“Азаттык”: Мына, азыркыдай көңүл эргитип, жан дүйнөмдү сергиткен күүлөрдү чыгаруу менен бирге угуучулардын көңүл кушуна айланган ондогон мукамдуу обондорду да чыгарып жүрөсүң. Акыркы кезде чыгарган жаңы обонуң болсо кимге эмнеге арнап чыгардың эле?

Казакбай Абдиев: Өткөн жылы Талас өрөөңүндөгү эски мектептердин бири Көк-Арык орто мектеби. Ал мектептен эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Байдылда Сарногоев окуган. Мен да залкар акындар окуган мектепти бүтүрдүм. Былтыр 80 жылдык мааракеси болду. Салтанатка бардым. Ошондо “Сагындым” аттуу ырыма обон чыгардым.

“Сагындым”

(үзүндү)

Сөзү, обону: К.Абдиевдики.

Чүкө атып, чикит чаап, чакан ойноп,
Сагындым бала чагым өткөн жерди.
Арпа – тектир кырынан ой көрүнүп,
Сагындым айыл кызын өткөн жерди.

Окууну улантканы Фрунзеге,
Эстекем айылдан кеткен кези.
Он жыл окуп, талыкпай билим алган,
Сагындым Көк-Арыкбай мектебимди.

“Азаттык”: Күү, обон чыгаруу менен бирге алты ырлар, шайыр аңгемелер жана повесттер жыйнактарынын авторусуң. “Акын көргөнүн ырдайт” дегендей бүгүнкү өзүң жашап жаткан өлкөдөгү кырдаалга, абалга арнап жазган ырың болсо үзүндү окуп берсең?

Казакбай Абдиев: “Жашоонун ыйман жолун тандайбыз” деп бизде эки президент Акаев менен Бакиев болду. Экөө тең жашоонун жолун тандады. Ошондуктан элиме кайрылып турган жерим:

Жаман ойду көңүлгө албайлычы,
Жакшы ойдун учугун кармайлычы,
Жамандыкты ойлогон эң чоң күнөө,
Жаалына кудайдын калбайлычы.
Жан дүйнөгө бүлүктү салбайлычы.

Жашоодо ыйман жолцун тандайлычы,
Жамынбай башкалардын үрп адатын.
Жакшы салт, баркыбызды танбайлычы,
Текебер, дербелеңдеп баспайлычы.
Кулагым кужулдуктан тажап бүттү,
Кур чечен таштандыкты таштайлычы.

“Азаттык”: “Атына жараша заты” дегендей атың Казакбай кала берсе боордош казактардын домбрасын тартып калышыңа эмне себепкер болду эле?

Казакбай Абдиев: Менин атым Казакбай коюлуп калышына, домбра тартып калышыма 30-35-жылдары атам казак жерине ооп барат. Мен үч жашка чыкканда энем көз жумат. Атам болсо казак кызына үйлөнөт. Эки эненин арбагын элесин кошо ала жүрөйүн деп, домбра тартып, комуз чертип жүрөм. Казак күүлөрүнүн атасы атыккан Курмангазы экенин кимдер билбейт. Эми Курмангазынын “Сары-Аркасын” чертип берейин.

“Азаттык”: Обондоруңду комуздунбу, домбранын коштоосунда чыгарасыңбы?

Казакбай Абдиев: Мен обондорумду негизинен домбранын коштоосунда чыгарам. Себеби домбранын беренелери бар. Ошого карата ноталарым бар. Үнүм болсо коңур. Ошондуктан обондорумду домбранын коштоосунда чыгарам жана ырдаймын. Эми “Таласымдын татынакай кызына” аттуу жаңы чыгарган ырымды аткарып берейин.

“Таласымдын татынакай кызына”

Сөзү, обону: К.Абдиевдики.

Билбептирмин нур жүздүү чүрөктү,
Бир көргөндө толгоп алдым жүрөктү.
Таласымдын татынакай кызына,
Табар бекем жүрөктү жүрөгүмдөн түнөктү.

Аял затын эч бир капа кылбаймын,
Алпештеймин, ардактаймын сыйлаймын.
Өзүңө окшош марал сындуу кыздарды,
Өмүрүмдүн жетишинче ырдаймын.

Мына ушундай ар тараптуу шыктагы бакандай төрт чыгармачылык союздун мүчөсү Казакбай Абдиевдин эмдигиче калың калк арасындагы эмгеги баркталбай келе жатканы өтө өкүнүчтүү.
XS
SM
MD
LG