Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Акын Ажем Жаманкулов “Улуу Чыңгыз” поэмасын жазууда


Акын Ажем Жаманкулов Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арнап “Улуу Чыңгыз” поэмасын жазып жаткан. Ал ортодо улуу жазуучу кайтыш болуп кетти. Андан бери акын Айтматовду жоктогон ыр түрмөктөрүн жазып жатат.

Акын Ажем Жаманкулов да Чыңгыз Айтматовдун киндик каны тамган Шекер айлынан. Андыктан да жазуучу туулуп өсүп чоңойгон жердин табияты, эли-журту акынга жакшы тааныш.

-Улуу Айтматов тууралу таластыктарга айтыш оңой сыяктанат. Анткени алп жазуучу ушул жерде төрөлүп, ушул жерде торолгон. Балалыгына байланышкан улуу тагдырды да ушул аймакта көтөргөн. Улуулардын акылына, айкөл мээримине жөлөнгөн. Мажүрүм талдай чырпык ата-бабалардын арбагы мисир болгон Шекерде калыптанды.

Ажем Жаманкулов “Улуу Чыңгыз” поэмасынын башынан Чыңгыз Айтматовдун өзүнө Татарстанга жөнөрдүн алдында бир аз үзүндү окуп берген экен. Ал эми бул жазылып жаткан чыгармасы тууралу айрым адамдарга айтса, жактыра беришпегенин да акын ырга салып койгон:

- Анан бул чыгармамды өзүнө окутуп, өзү ыраазы болуп, тиякка барып келейин деп эле келбей калбадыбы...Пенде экенбиз, мен бир атымды чыгарайын деп жазып жаткансып, “Аны кое турчу” деген жердештериме кичине өктөм бар.

Калыс болчу, мынча неге түтөдүң,
Калпыстыкка айтчы, кантип түтөмүн?
Барышсын го батыштагы Чыкеге,
Келме айтууну кимисинен күтөмүн.

Бүт акыл-эс акча болуп калганбы,
Камылгасын көрбөй аркы дүйнөнүн.
Кереги жок келжиреген кептердин,
Шыпырып сал, артыңан сөз үйгөнүн.
Ооруп жаткан алпыбызга жеталбай,
Жалын бүркөт алоолонгон күйгөнүм.

Акын Ажем Жаманкулов Чыңгыз Айтматов Германияда дарыланып жатканда улуу жазуучунун амандыгын тилеп төмөндөгү санааркаган саптарды жазган:

Бактыбызга асыл Чыкем аман бол,
Анык достук - Германия сунса кол,
А-бу дебей азыр жетип бармакмын,
Болсо кана, чөнтөгүмдө каржы мол.

Бар бол Чыке, амандыгың бизге той,
Келериңди Таласыңа болжоп кой,
Теңир берген башыбызда баары бар,
Адам Ата урпагыбыз ошондой.

Ажем Жаманкуловдун “Улуу Чыңгыз” поэмасы Бишкектен жарык көргөн “Пайгамбарлар” аттуу китепке басылган. Алдыда аталган поэманын уландысы дагы “Пайгамбарлар” китебинин кийинки санына басылмакчы.

XS
SM
MD
LG