Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

"Арманым лира" аттуу жаңы фильм тартылат


Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров “Арманым лира” аттуу жаңы тасма тартууга киришти. Учурда фильмге актерлорду тандоо иштери жүрүүдө.

Бул фильмдин сценарийин мындан бир жыл мурда Темир Бирназаров өзү жазган. Чыгармада жаштардын жашоосу, башкача айтканда алардын жүрүм-турумдары, бири-бирине болгон мамилеси, турмушка болгон көз-караштары чагылдырылат. Ошондой эле бүгүнкү күндүн көңүл өйүткөн маселелери да бар дейт режиссер Темир Бирназаров.

Каат турмуштун айынан бир кыз денесин сатып оокат кылып жүрөт. Мына ошол кызды бир шаардык жигит жактырып калат. Анан ошол экөөнүн алдындагы тоскоолдуктар, сүйүүлөрү ишке ашпай калгандары тууралуу баяндалат.

Фильмдин мазмунуна ылайык тартылуу үчүн шаардык кыз-жигиттер жана алардын ата-энесин ойногонго каармандар тандалат. Режиссердун билдиргенине караганда фильмге тартылууну каалагандарга сөзсүз кинотармагында билими болуш керек деген талаптар каралбайт.

-Анткени биз биринчи келбетин карап тандап алабыз, андан кийин экинчи этапта видеосынак кылабыз. Анда ким мүмкүнчүлүгүнө жараша ойноп кетсе, ошолордун арасынан тандайбыз.

Бул тасманын сценаийи менен белгилүү киноишмерлер Эрнест Абдыжапаров, актан Актан Арым Кубат таанышып чыгышкан. Эрнест мырзанын пикиринде бүт баары ойдогудай боло турган болсо, фильм көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун туудурат:

Менин оюмча бул азыркы жаштардын проблемаларын көтөрө турган, азыркы учурдун көйгөйлөрүн козгой турган жакшы сценарий болуптур. Андан тышкары дагы кандайдыр бир коммерциялык жолу болот жана элге жага турган долбоор болгону жатат.

Учурда тасманы тартууга даярдыктар жүрүүдө. Эгер актерлор тандалып, режиссердук иштер аягына чыгып, каражат жагы оң чечилсе дароо тартуу иштери башталат.

- Бул жолу өзгөчө техникалык жагына көңүл бурбасак болбойт, себеби мындан мурунку тарткан “Белгисиз маршрут” тасмасында техникалык жактан мүчүлүштүктөр болуп, бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты,- дейт Бирназаров.

Режиссер бул тасманы тартуу үчүн банктан деле кредит алууга же болбосо ишкерлер менен деле келишим түзүүгө даяр экендигин билдирди. Ал тасма өзүн-өзү актайт деп ишенет:

- Көзүм жетет бул фильм келечекте сатылып кете турган, пайда алып келтире турган фильм болот. Ошондуктан мен азыр ишкерлерге кайрылып жатам.

Эгер каражат оң чечилип калса фильм жайында тартылып баштайт. Андыктан келерки жылы кыргыз кинолорун дагы бир тасма толуктамакчы.
XS
SM
MD
LG