Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

“Туңгуч” балдарга оюн тартуулайт


Сүрөтчү Асатулла Тешебаевдин Прага шаарындагы көргөзмөсүнөн. 7-ноябрь, 2008-жыл
Сүрөтчү Асатулла Тешебаевдин Прага шаарындагы көргөзмөсүнөн. 7-ноябрь, 2008-жыл

“Өнөр дүйнөсү” аттуу жаңы берүүдө “Туңгучтун” алдындагы балдар театрынын сезонунун ачылышы, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү маданий жаңылыктар учкай камтылды.

Бөбөктөр спектаклдерге муктаж

7-октябрда “Туңгуч” жаштар театры 20-театралдык сезонун ачты. Балдарга жана жеткинчектерге арнап, режиссер Жалил Мидинов даярдаган “Кетпечи, бугу эне” уламышын, “Жалгыз чабан” балдар спектаклин, "Куурчак-шоу" концертин тартуулашат.

“Бишкекте эле эмес, жалпы өлкө аймагында балдар үчүн театрларда кызыктуу чыгармалар коюлбай калгандыктан кичинекей бөбөктөрдүн дүйнө таанымын өстүрүүгө жана көркөм өнөргө кызыктырып тартуу багытында "Туңгуч" театрынын алдында орус жана кыргыз тилдеринде балдар үчүн спектаклдер даярдалды”,- дейт Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова.

- Биздин театр жайгашкан аймакта балдар үчүн театр жок. Болгону куурчак театры бар. Ал бир миллиондуу баш калаабыздын жеткинчектерин камсыздай албайт. Анан бөбөктөр үчүн ишемби, жекшемби күндөрү балдарга оюн тартуулап турууну чечтик. Спектаклде мультфильмдеги, жомоктордогу каармандар бар. Бөбөктөр үчүн жакшы жомок, уламыштын негизинде даярдалган спектаклдер бар.

Театр ишмерлеринин айтымында, убагында өлкөдөгү ар бир театр жылына балдар үчүн жаңы спектаклдерди же жомок даярдап, ар бир мектепте көрсөтчү.

Адистер эки-үч жылдан бери баш калаадагы Жаштар театрында, Улуттук кыргыз драма театры менен “Учур” теле театрында оңдоп-түзөө иштери аягына чыкпай, балдар үчүн эле эмес, чоңдор үчүн да спектаклдер көрсөтүлбөй калганын айтышууда.

Дүйнөлүк жана жергиликтүү маданият жаңылыктарынан учкай кеп

5-октябрда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында эл аралык китеп жарманкесинин көргөзмөсү ачылды. 3 күнгө созулчу бул көргөзмөгө 100 мамлекеттин 7300 өкүлү катышууда. Бул иш-чараны чагылдырууга 10 миң журналист тартылганы кабарланууда.

Аптанын башталышында Москвада сүрөтчү Елена Золотой алтындын 585-үлгүсүн кошуп тарткан, узундугу 3, туурасы 1,5 метрлик «Алтын» сүрөтүнүн көргөзмөсү болду. Бул чыгарманы "Гиннес" китебинин адистери текшерүүдөн өткөргөндөн кийин дүйнөдөгү көркөм өнөрдүн эң мыкты «алтын» сүрөтү болуп калышы ыктымал.

7-октябрда Бишкектеги октябрь кинотеатрынын жанына белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин айкели орнотулуучу жерге белги ташы коюлду. Ага Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркулов жана чыгармачылык жамааттын өкүлдөрү катышты.

4-октябрда Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз Москвага барып, КМШ мамлекеттеринин маданий кызматташтык боюнча кеңешинин XXV отурумуна катышып келди. Ал ошондой эле эки тараптуу кызматташуу боюнча Орусиянын маданият министри Александр Авдеев менен да жолугушкан.

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында 6-октябрда Михаил Старицкийдин пьсасы боюнча “Эки коендун артынан” кайрымдуулук спектакли жана бейшембиде Рэя Кунинин “Жубайлуу таксист” спектакли тартууланды.

8-октябрда Улуттук филармонияда президент Роза Отунбаеванын катышуусунда билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу жыйын болот. Анда 2 мугалимге “Элдик мугалим”, 7 мугалимге “Эмгек сиңирген мугалим” жана 8 устатка “Билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылат.

Ал эми 6-7-октябрда Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде АРТэрия студиясынын тарбиялануучуларынын “Өлкөнүн ар кандай түстөрү” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү коюлду.

Түштүк коогалаңы балдардын көзү менен

Улуттук сүрөт музейинде 12-октябрда июнь айындагы түштүктөгү коогалаңга күбө болгон балдардын ошол кайгылуу окуя жөнүндө тарткан сүрөттөрү коюлат. Бул тууралуу Улуттук сүрөт музейинин катчысы Татьяна Зайцева “Азаттыкка” билдирди.

- Көргөзмөгө июнь айында түштүктөгү окуяга күбө болуп, ошол коркунучтарды, азап-тозокту башынан өткөргөн балдардын сүрөттөрү коюлат. Менин оюмча бул көргөзмө Кыргызстан коомчулугунун бүйүрүн кызытат.

Татьяна Зайцева белгилегендей, түштүктөгү калабадан жабыркаган жаш балдар жан дүйнөсүндөгү сезимдерди сүрөт аркылуу чагылдырып, саясатчыларга кайрылып, тынчтыкка ураан таштаган.
XS
SM
MD
LG