Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

“Белгисиз багыт” “Ника” сыйлыгына көрсөтүлдү


"Ника" сыйлыгы
"Ника" сыйлыгы

«Белгисиз багыт» тасмасы Орусиянын «Ника» сыйлыгына көрсөтүлүүдө. Таңкы “Азаттыкта” аталган тасманын режиссеру Темир Бирназаров менен маек болду.

- Сиз тарткан “Белгисиз багыт” тасмасы “Ника” сыйлыгына - КМШ жана Балтия мамлекеттеринин мыкты тасмаларынын ичинен тандалып алынган экен. “Белгисиз багыт” тасмасынан тышкары дагы канча тасма бул сыйлыкка көрсөтүлдү эле алгач?

- Буга 12 фильм көргөзүлгөн экен, ошонун ичинен процедура боюнча 4 эле фильм тандалып алынды. Казакстандан -2, Украинадан -1 жана биздики.

- Сиздин маалыматыңыз жокпу бул тасмалар кандай принципте тандалып алынат экен?

- Адатта эң акыркы жылы тартылган эң мыкты фильмдерди тандап алышат. Бул жерде бул төрт фильм тең абдан мыкты фильмдер.

- Өкмөт кино тартууга бөлөм деген каражат тийдиби? Ошол каражатка тартылдыбы тасма?

- Ооба, толугу менен мамлекет тарабынан берилген каражатка тартылган фильм.

- Бул алгачкы жолу болуп атабы, же буга чейин дагы мамлекет каражат бөлүп келди беле?

- Буга чейин тилекке каршы үзүп-үзүп, тагыраак айтканда эки жылда бирден берилип келген.

- Эгерде сыр болбосо ушул тасманы тартууга канча каражат сарпталды?

- Бул сыр деле эмес. Мисалы, ошол үч фильмди тартууга менин билишимче эң алды эки жарым -үч млн. доллар кеткен. Биздин фильмге болсо 80 миң доллар кеткен.

- Алдыда кандай пландарыңыз болуп жатат?

- Дагы бир кубанычтуу жаңылык, 2006-жылы тартылган “Парз” деген кыска метраждуу фильмибиз Грециянын “Наости” эл аралык кинофестивалынын атайын байгесине татыктуу болду. Ал эми алдыдагы пландарды айтсак, жаны проектиге даярданып атам. Ал проектиге казактар кызыгып атат.

- Бул эмне долбоор?

- Ал өлкөдөгү жаштардын проблемасын чагылдырат.

- Бул казак тарап менен биргелешкен долбоор турбайбы анда?

- Буюрса, ошондой болгону турат.

- Темир мырза, Маданият министрлигине кино тармагы кошулгандан кийин кандай өзгөрүүлөр байкалып жатат, оң жагына өзгөрүүлөр болдубу, же терс таасирлер байкалып жатабы?

- Мунун баары тең министрге байланыштуу болот. Султан Акимович жакында Голливудга барганы турат. Бизде азыр техника эскирип кеткен. Ошол жактан буюрса эң керектүү техниканы жаңыртып берем деди. Азыр биз техникалардын тизмесин түзүп берип атабыз. Азыр болсо жакшы жагына жылыш болуп атат деп айта алам.

- Маегиңизге чоң рахмат.


XS
SM
MD
LG