Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:39

Германия жана Франция Кыргызстандан жардамын аябайт


Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле Оштун тургундары менен жолугууда
Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле Оштун тургундары менен жолугууда

Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер жана Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле бүгүн Ошко келип, июнь айында болгон кайгылуу окуялардагы кыйраган имараттарды кыдырып көрүштү.

Ошондой эле жергиликтүү элдин өкүлдөрүнө жолугуп, тополоң окуялардын чоо-жайын угушту.


Германиянын вице-канцлери, ошондой эле тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле Ош шаарынын өзбек тургунунан кайгылуу окуялар кандайча болгонун сурады.

Бул соболго өзбек аял: "Танк менен аткылашты. Анан Өзбекстанды карай качтык",-деп жооп кайтарды.

Ушундан кийин кепке вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев аралашты.

- Сизди бирөө келип коркуттубу?
- Ооба, коркутту.
- Ким конкреттүү коркутту?
- Момундай кылып атышты да.
- Асманды карай атыштыбы?
- Жок! Асманды карай эмес, кудум ушул жакты мээлеп аткылашты.
- Сизге эч ким келген эмес. Чындыкты айтсаңар.
- Үйлөрүбүздү өрттөшкөндө Өзбекстанды карай айласыздан качтык.

Калаанын Жаштар көчөсүнүн жашоочусу Бахадыр үйлөргө катарынан от койгон адамдарды тааныбай тургандыгын ачыктады:

- Бизди карай ата баштаганда, ылдый карай жүгүрдүк. Кыйла узаганыбызда, үйлөрүбүз тарапты түтүн каптады. Бирок турак жайларга кимдер өрт койгонун биз көргөн жокпуз.

Сөздү Матлюба деген келин улады:
- Тынч турмушту үчүнчү күчтөр бузушту. Жыйынтыгында кыргыздарды жана өзбектерди душманга айлантышты. Мына, эчендеген кылымдар бою чогуу-чаран ынтымакта жашап келаткан калкпыз. Чындыгында бул коогалаңга кыргыздын дагы, өзбектин дагы тешеси жок! - дейт Матлюба.

Ал эми Лайликан Ильязова Жийделик көчөсүндөгү үйлөрдү кантип сактап калышкандыгын баян этти:

- Мынабул Жийделикке эки өзбек киши келди. Тегеректи тосуңуз деди. Мен алардын айтканын жасадым. Тигилер дагы жардамдашты. Сыртты каарй бир дагы кыргыз же өзбек чыккан жок. Жабыр да тартпады, үйлөрү бүтүн калды. Кашайып ошол маалда менин үйүмдү талап-тоноп, дүкөнүмө от коюп кетишиптир.

Жабыркагандар менен жолугушуунун акырындагы маалымат жыйынында Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле Европа Биримдиги Кыргызстанга алгачкы күндөн тарта жардамдашып, аймакта тезирээк туруктуулук орношуна кызыкдар экендигин маалымдады.

- Стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн коогалаңдын шарттары жана себептери аныкталышы керек деп эсептейбиз. Аны үчүн окуяны эл аралык деңгээлде көз карандысыз териштирүү зарыл. Адегенде трагедияга кимдер айыптуу экендигин билгенибиз жөн. Мүмкүн коогалаңга кылмыштуу элементтер катышкандыр. Мүмкүн ал жерде саясий шарттар бардыр. Балким, экстремисттик топтор аралашкандыр. Муну такташтырбай туруп, аймакта туруктуулукту орнотуу кыйын. Ошон үчүн француз кесиптешим Бернар Кушнер экөөбүз эртең Алматыдагы жыйында Ош окуясын иликтөө боюнча эл аралык көз карандысыз комиссия уюштурууну сунуштап жатабыз. Мындай орган учур талабы деп ойлойбуз, - деди Германиянын башкы дипломаты Гвидо Вестервелле.

- Германия жана Франция Кыргызстандан жардамын аябайт. Эртең Алматыда ушул көмөктөшүү жаатындагы маселени дагы чечмекчибиз. Ага Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр катышмакчы. Казакстандагы кеңейтилген жыйында бүгүн Ошто көргөн- билгендерибизди дагы сөзсүз айтабыз. Биз Отунбаеванын Убактылуу Өкмөтүн кубаттайбыз! - деди Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер.

Кезеги тийгенде вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев буларга басым жасады:

- Даярдоо жумуштары жакын арада аяктайт, курулуштарды баштайбыз. Мында колдо бар бардык ресурстарды жумшамакчыбыз. Албетте, досторубуздун каржылык жардамына муктаж экенибизди жашыруунун кажети жок. Бул кандуу калабага кимдер күнөөлүү жана уюштурган? Бул багытта тергөө тобу иштеп жатат. Жакынкы арада анын жыйынтыгы чыгарылаары күтүлүүдө, - деди вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин кабарлашынча, июндагы массалык башаламандык учурунда түштүк аймагында 2168 имарат, анын ичинде 1841 турак жай өрттөлүп-талкаланган. Жалпы материалдык чыгым азырынча 3 миллиард 265 миллион 376 миң сом деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG