- Орозбек мырза, Жер-Үй, Талды-Булак кендеринде абал эмне болуп жатат? Ал кендер ишке кире турганбы?
- Эми бүгүнкү күндө тоо-кен өнөр жайында кичине жылыш болуп жатат. Айтып коелу, бул маселе боюнча Кумтөрдү уккансыздар, Кыргызстандын кен байлыктары абдан көп, бул экономикага көп пайда бермек. Бирок тилекке каршы Кумтөрдөн башкасынын баардыгы негизинде иштеген жок, терең кризисте турабыз. Бул боюнча ассоциациянын адистери атайын тоо-кендерин башкаруу, аларды тездөө боюнча атайын концепция түзүп президентке жеткирип, андан кийин эл арасында угууларды өткөрүп, аны өкмөткө бердик эле. Бирок алиге чейин эч кандай жылыш жок. Ошондон биздин Жер-Үй деген чоң кенибиз төрт жылдан бери иштебей турат. Айтып коелу, ушул жылдардын ичинде Талас өрөөнүнө 9 млн. доллар түшпөй калды. Жалпы Кыргызстан өткөн 3 жылдын ичинде 10 тонна, эгер быйылкыны кошсок 14 тонна алтын албай калды, канчалаган кишилерибиз бош жүрөт.
- Жер-Үй кени Борис Березовскийге таандык деген маалыматтар кайрадан чыга баштады. Анын ээси ким чындыгында?
- Азыр биз да билбей калдык. Анткени бири-бирине өткөрүп беришип, “Глобал голд” деген эч түшүнүксүз, тоо кенинде эч тааныштыгы жок уюмга берилген, буга биз абдан каршы чыкканбыз. Ал боюнча биз президентке дагы 2-3 жолу кат жазганбыз, ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун кабылдамасында болуп, сиздер чоң ката кетирип атасыздар, мындай кылууга болбойт, мына кен ишке кирүүгө аз эле калды, баардык иш жүрүп атат десек болбой коюшкан. Мына акырында ушинтип биздин экономикабызга чоң зыян келтирди. Ал гана эмес, биздин Кыргызстандын жалпы кадыр-баркына да зыян келтирди. Ошондуктан кризистин да анча-мынча тиешеси бар. Бирок тоо кен өнөр жайына былтыртан бери инвестициянын келиши абдан начарлап калды. Ошондуктан Жер-Үй, ошондой эле Талды-Булак, Сары-Жаз качан ишке кирет, ушул азыркы күндө белгисиз.
- Жер-Үйдү Кыргызстан өзүнүн юридикциясына алууга мүмкүнчүлүк, жолу барбы азыркы кезде?
- Абдан бар болчу. Биздин сунуш боюнча 1991-жылы Кыргыз тоо кен комбинатына раматылык Насирдин Исанов премьер болуп турганда атайын токтом чыккан. Биз аны дайындап ишке киргизели деп атканда ал киши кайтыш болуп кетти, анан кийин анын ортосунда “Кыргызалтын” деген уюм түзүлө калды. Ал бизден тартып алган. Ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин мына жетинчи кожоюн болуп атат. Бул биздин тоо-кен өнөр жайындагы саясаттын эң жамандыгын көрсөтүп атат.
- Маегиңизге рахмат.