Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Кыргызстан газ үчүн карызын жаба албай жатат


Өзбекстан Кыргызстанга газды качан толук берери карыз акчаны кайтаруудан көз каранды. Бул үчүн азыр өкмөт "Кыргызгаз" менен бирге акча издөөдө.

Бул маселе боюнча “Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Саламат мырза, газ маселеси боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү кантип атат ушул тапта?

- Сүйлөшүүлөр жүрүп атат, өкмөт менен “Кыргызгаз” биргелешип акча издеп атабыз азыр.

- Тажикстанга газ берүүнү Өзбекстан жаңырткан экен. Ал өлкөгө да 18 млн. карыз бар деп токтотуп койбоду беле. Кыргызстанда бул өңүттө кайрадан жаңыртуу маселеси каралып атабы?

- Аракет жүрүп атат газды кайра жандырганга. Тажикстан болсо Өзбекстанга 18 млн. доллар төлөп берди. Азыр биз акча караштырып атабыз.

- Канча убакытка созулушу мүмкүн?

- Жылуулук мезгили башталганга чейин сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп, газды кайра жандырганга аракет кылып атабыз.

- Өзбекстан ички рынок үчүн газ баасын кымбаттаты деген маалымат тарады. Бул тышкы рынок, анын ичинде Кыргызстанга сатуучу газга таасир этпейби?

- Билбейм, кымбаттатабы, кымбаттатпайбы эмдиги жылы. Бирок алар кымабаттатканда, мисалы биздики азыр элге 310 доллар болсо, аларда 24 доллар, он эседен азыраак болчу. Ошон үчүн анча-мынча кымбатыраак алышты. Алар деле өзүлөрүнүн бааларын дүйнөлүк бааларга жакындаталы деп атышат.

- Азыр 2009-жыл үчүн сүйлөшүү жүрүп жатат да, ал эми келерки жыл үчүн сүйлөшүү качан башталганы жатат?

- Ноябрда болот ал сүйлөшүү буюрса.

- Каражат булактары кайсылар болушу мүмкүн?

- Өкмөттөн жана электр тармагы, алардын каражаты чоң азыр 15 млн. Акчаны ошол жактан караштырып атышат. Биз деле карап атабыз, азыр жөн отурган жокпуз. Бизге карыз ишканаларды, калктан акчаны болушунча чогултуп атабыз.

- “Кыргызгазга” калктын карызы канча?

- 5 млн. доллар.

- Маегиңизге рахмат.

P.S. Кыргызстан 18 миллион доллар карызын төлөбөй жатат деп, Өзбекстан Ош шаарына газ берүүнү токтоткон, ал эми өлкөнүн түндүк аймагына газ берүүнү 30 пайызга кыскарткан.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG