Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Өнүктүрүү фондуна ишеним барбы?


“Эмити” коомдук корунун жетекчиси Гүлшайыр Абдрасулова Өнүктүрүү фондуна ириде элдин ишеними болуш керек деп эсептейт.

- Сиздин баамыңызда, Өнүктүрүү фондунун, ага ээлик кылган Борбордук агенттиктин жардамы менен Кыргызстандын экономикасы мындан ары жаңыча өнүгүүгө бет алат деген ишеним барбы?

- Муну Өнүктүрүү фонддун башына ким келгенине жана анда кандай кадрлар иштеп атканына карап айтыш керек. Анан ошол өнүктүрөм деген кишилерге элдин, эл аралык коомчулуктун ишеними болуш керек. Ошондо гана өнүгүү болот деген ишеним болот.

- Президенттин уулу башкарган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик чет жердеги инвесторлор арасында канчалык ишеним жарата алат? Айрым серепчилер болсо бир үй-бүлө башкарган мамлекетке инвесторлор акча салбастыгын айтууда...

- Эми элдин баары көрүп атат акыркы кадрдык реформаны. Өзүнүн баласын Инвестиция жана инновацияны өнүктүрүү агенттиктин башчылыгына алып келип койгону, мен ойлойм, бул президент тараптан абдан туура эмес кадам болду. Бул Кыргызстандын келечегине аябай чоң тескери салым кошуп коюшу мүмкүн. Биринчиден, Максим Бакиевди мен жамандагым да, мактагым да келбейт. Мен аны мурда Кыргызстанда мамлекеттик структураларда иштеп жакшы тажрыйба топтогонун же эмгек сиңиргенин уга элекмин. Экинчиден, башынан эле бул фондду Бакиевдин баласы үчүн түзүлгөнү бүгүн белгилүү болуп калды. Үчүнчүдөн, кайсы бир эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердеги ишкерлер инвестициялык фонддор президенттин баласы экенин көрүп туруп, мунун үстүнөн көзөмөл, башкаруу жок болгонун билип туруп, менимче бизге салым кошкондон чочулашы мүмкүн.

- Буга чейин айрым серепчилер айтып келди эле, мурун Максим Бакиевдин көмүскө таасири аябай күчтүү болчу, азыр ачыкка чыкты, жоопкерчиликти ачык алды деп, муну жакшы жагы катары да баалап келишет. Сиз буга кошуласызбы?

- Ооба, мурда Максим Бакиев бир кызматты ээлебегени менен, баары бир арт жагына туруп алып ошол эле бажы, салык инспекцияларын башкарат деген сөздөр айтылчу да. Азыр эми аны сураганга мүмкүнчүлүк болуп калды. Эгер биз мурун ушундай болуп атыптыр, президенттин баласы аралашып атыптыр дегенде Максим Бакиев унчукпай, же андай эмес, же жалган сөз, кара пиар дегендей кылып коет эле. Бирок бүгүнкү күндө ар бир кадамын, ар бир кылган ишин көзөмөлдөгөнгө шарт түзүлдү десек болот.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG