Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Каржы министрлиги: тышкы карыз тынчсыздандырбайт


Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд. 602 млн.долларга жетти.
Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд. 602 млн.долларга жетти.

Кыргыз өкмөтү тышкы карыз өлчөмүнө кабатырланганга негиз жок дегени менен адистер анын өсүшү коркунучтуу чекке жеткенин эскертүүдө.

Кыргызстандын тышкы карызы ушул убакытка карай эки миллиард алты жүз эки миллион АКШ долларын түздү.

Карыздын жеңилинен берсин

Кыргыз өкмөтү тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын алтымыш пайызына жеткендигине карабастан абалга терс жагынан баа берүүгө болбойт деп ишендирүүдө. Анткени өлкөдө ички дүң продуктуга кирбеген көмүскө экономиканын деңгээли жогору.

Мындан сырткары каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоковдун айтымында, алынган карыздардын көпчүлүгү узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялардан турат:

- Бул карыздардын токсон пайызы жеңилдетилген шарттарда берилген. Ал эми он пайызы мурдагы үстөк пайызы жогору насыялардан турат. Жеңилдетилген шарттар дегенде төлөө мөөнөтү узак - 30-40 жыл жана үстөк пайыздары бир кыйла төмөн насыяларды айтабыз. Салыштырсак 2005-жылдын мартында өлкөнүн тышкы карызы 1 миллиард 930 миллион АКШ долларын түзсө, 2010-жылдын март айына карата, беш жылдын ичинде тышкы карызыбыз беш жүз миллион долларга өскөн.

Кечип берели десе кетенчиктеп...

Буга чейин эл аралык каржы уюмдары Кыргызстандын тышкы карызын кечүү багытында ХИПИК программасына кирүүнү сунушташкан. Бирок өлкөнүн экономикалык саясаты сырттан көз каранды болуп калат деген коомчулуктун талабынан улам, кыргыз өкмөтү андан баш тарткан болчу.

Мирланбек Байгончоков тышкы карыздын үстөк пайыздары гана эмес, учурда анын негизги бөлүгүнөн дак жыл сайын чегерилген сумма өз учурунда төлөнүп жаткандыгын белгиледи:

- Тышкы карыздарды тейлөөдө белгиленген график боюнча тиешелүү өлчөмдө өз убагынан кечиктирбей төлөп жатабыз. Быйыл мамлекеттик бюджеттен 65 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат каралды эле, ушу күнгө чейин анын 44 миллионун төлөп бердик. Калганын жылдын акырына чейин которобуз.

Өсүшкө эмес, өзөккө түшкөн карыз кооптуу

Буга карабастан Кыргызстандын тышкы карызынын өсүшүн жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн абалын каржы талдоочулары терс жагдайда мүнөздөшүүдө. Ага ушуга чейин алынган жана болочокто келе турган насыялардын ири өлчөмүнүн түздөн түз экономиканы өнүктүрүүгө эмес бюджетти кармоого чыгымдалгандыгы себеп болгон.

Экономист Эсенгул Өмүралиев насыялардын натыйжасыз колдонулушу карызды кайтарууга терс таасирин тийгизет деп кооптонот:

- Негизинен экономикалык жагынан алганда бир чектөө бар да. Тышкы карызды өлкөнүн ички дүң продукциясынын сексен пайызынан ашырбаш керек деген. Карызы жок жашаган эч ким жок. Бардык мамлекеттер эле карыз алып жашашат. Бирок ошол карызды кайтарып берүүнүн булактары жана мүмкүнчүлүктөрү болуш керек. Болбосо кайсы гана өлкөнү албайлы абалы начарлай берет.

Жакырчылыктын түбү - жаңы карыздын жүгү

Мындан сырткары эл аралык донорлор өткөн жайда Кыргызстанга дагы бир миллиард АКШ долларынан ашуун жеңилдетилген насыя берүүнү убада кылышкан. Анын көпчүлүгү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө жумшалаары айтылган.

Ошол эле учурда өлкөнүн алдыдагы бюджет тартыштыгы 21 миллиард сомго жеткендиги аныкталды. Мына ошондуктан каржы министринин мамлекеттик бюджет иштери боюнча орун басары Самат Кылжыев сырттан келе турган тышкы карыздын кайсы бир бөлүгү бюджеттин тешигин бүтөгөнгө багыттала тургандыгын кошумчалады:

- Алына турган тышкы карыздын ичинде биздин бюджетти колдоого кете турган суммалар мерчемделип, каралып жатат. Азыркы мезгилде ошол бюджет таңкыстыгын жабуунун сексен пайызы боюнча донорлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Калган жыйырма пайызы боюнча сүйлөшүүлөр жакында болот. Донорлор 1 миллиард АКШ долларынын биринчи бөлүгү катары убада кылынган 600 миллион АКШ доллары быйыл келбейт.

Ошол эле учурда талдоочулар кыргыз экономикасы сырттан “кан” жүгүртүп каржылап турбаса өз алдынча жашап кетүүгө жарамсыз абалга кептелгендигин кеп салышууда. Анткени ага өлкөнүн экономикасынын чабалдыгы жана аны өнүктүрүүгө өбөлгө түзчү шарттардын жоктугу негиз болгон.

XS
SM
MD
LG