Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Ж. Акенеев: Күйүүчү майдын кымбатташын башка баалар да коштойт


Жумакадыр Акенеев "Азаттыктын" студиясында.
Жумакадыр Акенеев "Азаттыктын" студиясында.

Экономика илимдеринин доктору, мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеев Орусия Кыргызстанга жөнөтүлчү күйүүчү майга экспорттук бажы төлөмүн киргизишинин артында эки өлкө алакаларынын соңку кездери сууй түшүүсүнүн таасири бардыгын айтат.

- Жумакадыр мырза, дүйшөмбү күнү белгилүү болгондой Орусия 1- апрелден тарта Кыргызстанга жөнөтүлүүчү мунайзат продуктуларынын тоннасына 193,5 доллар өлчөмүндө экспорттук жаңы төлөм киргизген. Бул маалыматты Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси ырастады. Эми күйүүчү майдын да баасы кымбаттаары күтүлүп жатат. Андан экономикага тийүүчү жалпы таасири кандай болушу мүмкүн?

- Экономикага абдан катуу эле таасири тийет. Азыркы баалар 25-30 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Түздөн-түз талаачылык иштин алдында күйүүчү майлардын көтөрүлүшү бул өзүнүн абдан чоң орчундуу таасирин көрсөтөт экономикабызга. Күйүүчү, майлоочу майлардын баасы – бул Кыргызстандагы болгон азык-түлүк, башка товарларга да тиешелүү. Ошон үчүн баанын көтөрүүнүн арты менен товарлардын да баасы көтөрүлөт. Товарлардын баасы 15-20 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн. Бул чындап келгенде биздин мамлекет үчүн абдан чоң күтүлбөгөн жерден орчундуу маселе болуп атат. Муну канчалык Бажы биримдигинин алкагындагы иш катары түшүндүрбөсүн, менимче бул жерде бир чети анча-мынча эскертүү бардай. Акыркы убактарда жүргүзүп аткан саясаттын кесепети да болуш керек.

- Күйүүчү майга баа көтөрүлсө ал сөзсүз өлкөдө инфляциянын деңгээлин жогорулатат дегенди билдиреби?

- Сөзсүз түрдө, баанын көтөрүлүшү менен инфляциянын дагы деңгээли жогорулайт деп түшүнсө болот. Биз айтып атпайбызбы, бүгүнкү күнү 3 пайыздын тегерегинде инфляция деп, эми жылдын аягында аны 15-20 пайыздын тегерегинде күтсөк болот. Себеби күйүүчү, майлоочу майды өзүбүз өндүрсөк бир жөн эле. Баардыгын сырттан алып атабыз. Жанагыдай 30 пайызга көтөрүлгөндөн кийин сөзсүз түрдө баалардын баардыгы 15-20 пайызга чейин азыркы товарлардын санына карата көтөрүлөт.

- Бизге азырынча Кыргыз өкмөтүнүн бул маселеге карата реакциясы белгисиз. Орусия өкмөтүнүн токтомунда жаңы экспорттук төлөм Бажы союзу менен байланыштырылган. Кыргызстан Бажы союзуна мүчө эмес. Бирок бааны төмөндөтүү үчүн Орусия менен сүйлөшүүнүн башка жолдору барбы?

- Эми кандай болбосун, өткөндө биздин премьер-министр барганда түздөн-түз сүйлөшүүлөр болуп атат да. Орусия менен биздин мамлекеттин ортосунда экономика жагынан комиссия бар. Ошол комиссия күндө болбосо да айына 1-2 жолу эксперттер бири-бири менен байланышып, сүйлөшүп мунун баарын чечсе болот. Бул жерден биздин өкмөт эмне реакция кылмак эле? Бааларды көтөртпөй мурунку деңгээлде алганга мүмкүнчүлүк болсо, ошону сүйлөшүш керек эле. Мен ойлойм, сүйлөшүүлөр болбогон үчүн баалар көтөрүлдү. Биздин Кыргызстандын базары өтө деле чоң эмес, Орусия бизге баа көтөрүп, ошонун арты менен кошумча акча алып, өз бюджетинин ар түрдүү маселесин чечкендей биздин базарыбыз чоң эмес. Муну акыркы убактарда анча-мынча муздап бараткан мамилелерге кошумча деп эсептесе болот.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG