Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Ж. Оморов: Энергетика тармагын тез арада калыбына келтирсе болот


Экономикалык талдоочу Жаныбек Оморов энергетика тармагы туура башкарылып, иш билги адистер келсе Кыргызстанды гүлдөтөт деп эсептейт.

- Кыргызстанда азыр энергетика тармагы оор абалда экени айтылып келет. Бул тармак эмне себептен ушундай оор абалга кептелип калды, башкы себептери эмнеде деп ойлойсуз?

- Саясий маселелер тынч чечилсе да баары бир проблеманын баары экономикалык маселенин чечилбегенинен келип чыгып атпайбы. Эл кыйналып, чакан бизнестер өнүкпөй муунуп келди. Негизинен элдин нааразылыгын тамыры тарифтерди көтөрүүдө эмес, элдин чөнтөгүндө тыйын жоктугунда. Бизнести өнүктүрбөй, ар кайсы саясий проблемалар болуп келди. Мен өзүм экономика жаатында, энерго секторунда эл аралык уюмдар, инвесторлор менен көп жылдан бери иштеп келем. Өкмөткө кеңеш айтып, анализдерди да жазып келдим бирок кунт коюп ошого көңүл бурушкан жок. Чет элден келген адистер айтышты, силерде мыйзам аткарылбайбы, министр эч нерсеге көңүл бурбайбы деп. Өйдө жактын айтканын угуп, жанагы чогулган акчаларды буйругу менен бөлүштүргөн туура эмес, ушулар оңолсо болот эле качан оңолот деген көп пикирлерди айтты. Бирок эч иш жасалган жок, инвесторлорду тарттык аларды тартсак дагы силер оппозиция менен байланышыңар бар экен деп ошол эле министр булар менен иштебегиле деп шыбырап коет экен, алардын да көпчүлүгү токтоп турду.

- Данияр Үсөнов энергетикалык ири ишканаларды, “Түндүк электро” сыяктууларды азыр 1 долларга сатса дагы эч ким албайт деп айтчу эле, чын эле ушул ишканалардын куну жокпу?

- Бул эми атайы жасалган иш, жанагы “Чакан ГЭСке”, башкаларга жамынып алып өзүбүз менчиктештиребиз деген аракети. Кантип бир тыйынга албайт, Кыргызстан Орто Азияда энергетика боюнча абдан күчтүү позицияда. Өзбектер, Казакстан кадимкидей эсептешип бир топ позициясы күчтүү эле да, анан кийинки жылдарды булар экспорт кылганда да жабык схемалар менен өз кызыкчылыгына, арзан баага, билгизбей сууунун деңгээлине карабай нормадан ашык беришти. Экинчиден, начар кадрларды, коррупцияга малынган кадрларды кармап келишти да булар эми өз кызыкчылыгына иштеп, такыр эле электр энергетиканы өнүктүрбөй койду. Бул жеке менин оюм эмес, жанагы сырттан келген эксперттер да айтып атышты качан силерде менеджмент оңолуп мыйзам аткарылат, тарифти жасаган саясатты элге түшүндүргөндү эч ким билбейт, эмне үчүн тариф кокустан эле эки эсе көтөрүлүп кетет деп. Эртеңки өнүктүрө турган план кандай деген эч нерсе жок болбодубу. Камбар-Атага беребиз деп эле акчанын баарын ошол жакка айдап атышты, анан кандай сарпталып атат ал жагынан да эч маалымат жок.

- Энергетикалык абалды оңдоо үчүн убактылуу өкмөт эмнеден баштап эмнелерди жасашы керек?

- Мен ойлойм, эми бул саясий маселе буюрса тынчып өз ордуна келет деп ойлойм. Анткени эл эки жолу мынчалык чоң жоготуу менен келип атат. Экономикалык жоготуулар абдан чоң болду, адам өлүмүнө алып келди. Эмки келген кишилер ойлонсо... Мына кечээ убактылуу өкмөттүн мүчөсү Атамбаев жакшы сөздөрдү айтып атат, эми ушулар жасалат го деп ойлойм. Тартипке салабыз, туура эмес менчиктештиргендердин баарын карайлы, секторду өнүктүрөлү анан эң негизгиси жасай турган жакшы кадрларды алып келели деп атат. Мына көчөгө чыкканда өзүм бүт региондорду кыдырып чыктым. Нарын, Талас, Ысык-Көл, түштүктү бүт кыдырдым. Ошондо мынакей жаштар айтып атат “бизге жумуш жок, бизге эмне үчүн жумуш бербейт” деп.

Ошондуктан мен сунуш кылат элем жаштардан каалаган орундарына конкурс кылып, ишке коюш керек, мүмкүнчүлук бериш керек. Анан иштеп кеткендерди иштетиш керек. Баягы эле менин досум бар эле, бир тууганым бар эле дебей. Эгерде накта кадрлар келсе мен ойлойм ушул системаны тез аранын ичинде оңдосо болот, Кыргызстан гүлдөмөк. Кыргызстан кадимкидей эл аралык деңгээлде тең тайлашмак эле. Анан сырттан келген эксперттер “мен билем” дешип ошол эле биздин грантка бизди үйрөтүп чиновниктердин колго албаганынан чар жайыттык болуп, өзүбүздүн балдар эч нерсе кыла албай четте калып калып атат.

- Рахмат маегиңизге

XS
SM
MD
LG