Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Талас: дыйкандын мээнети жанабы?


Таласта бир мезгилде тамеки, андан кийин кант кызылчасы эң кирешелүү тармак болуп келген. Эми акыркы 10 жылдан бери Талас төө бурчак менен белгилүү. Таластык дыйкандар бийлик өкүлдөрүнүн төө бурчакты быйыл кымбат баада экспорттойбуз деген убадаларына үмүт менен карашууда. Ал эми серепчилер төө бурчактын баасын алдын ала айтуу бул бийлик башчылардын катасы деп эсептешет.

Таластык дыйкандар Совет мезгилинде тамеки айдап, андан кийин 1990-жылдын башынан тарта кант кызылчасын өстүрүп, ар гектарынан 300 центнер кызылча алып, кошуна Казакстандагы Тараз шаарындагы кант заводуна тапшырып келишкен.

Бара-бара чек ара, бажы тоскоолдуктарынан улам кант кызылчасы дыйкандарга киреше алып келбегендиктен аны айдагандар азайып, 2000-жылдан тарта таластык дыйкандар төө бурчакты өстүрө баштады. Азыр төө бурчак таластыктар үчүн эң кирешелүү тармакка айланды.

Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү төө бурчактын баасы жогоруласа калк арасында аброй таап, баасы төмөн түшсө жеме угуп, айрымдары кызмат оорундарынан да бошотулган учурлар болгон.

Жаз мезгили келип, жерлер айдала башагандан тарта “быйыл төө бурчактын баасы көтөрүлөбү же түшүп кетеби?” деп бушайман болгон дыйкандарды байкоого болот. Айыл жерлерине барып, эл менен жолуккан бийлик өкүлдөрүнө берген элдин алгачкы суроолору да ошол төө бурчактын баасы тууралуу болот.

Жакында Таласка иш сапары менен барган президент Роза Отунбаева төө бурчакты ортомчусу жок экспорттоо боюнча Түркиянын тиешелүү өкүлдөрү менен сүйлөшүү болгонун билдирген:

- Алмаз Атамбаев Түркияга барып келди. Ошол жерде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошонун негизинде Түркияга ортомчулар жок төө бурчакты экспорттоого аракет жасап жатабыз. Ортомчулар жок болсо төө бурчактын баасы силер үчүн жогору болот.

Бул сөз ооздон оозго айтылып отуруп азыр Таластын дыйкандарынын көбү “төө бурчактын баасы быйыл жогору болот экен” деген үмүт пайда болду. Талас районунун Калба айылынын тургуну Өмүрзак Бекмурзаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Элдин үмүтү чоң, 60 -50 сомго жетет деп жатабыз. Роза Отунбаева, Атамбаев жакшы жумуштарды жүргүзүп жатышат.

Ал эми бир гектар аянтка төө бурчак айдаган Талас шаарынын тургуну Султан Мамбеталиев төө бурчактын баасын жогорлатуу үчүн аны сатып алуу үчүн сырттан келген кардарларга бут тоспостон эркин жол ачса баа көтөрүлөт деп ишенет.


- Жаңы бийликке кааларым: мурдагы бийликтей болуп элди үмүттөндүрбөй калыс, эркин алуучуларды койо берсе, элдин үмүтү ошол.

Түркия менен келишим түзүп, төө бурчакты ортомчусу жок экспорттоо боюнча бийлик өкүлдөрүнүн берген убадасы канчалык ишке ашат? Талас облус администрациясынын айыл чарбасын өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Абай Шатманов бийлик өкүлдөрүнүн мындай кадамдарына ишене турганын “Азаттыкка” билдирди:

- Бизде бул маселе азыркы тапта туруктуу болуп калды. Ортомчулар жокко эсе. Себеби өзүбүздүн Таластын ишкерлери инернет аркылуу башка мамлекеттеги ири кардарлар менен түзмө-түз байланышып, ошолор аркылуу төө бурчакты элден сатып алууда.

“Азаттык”: Демек баа көтөрүлөбү?

- Албетте! Азыр деле баа жакшы болуп жатат, 30-32 сомдун тегерегинде. Биз ойлоп жатабыз, жогоруда айтылган маселелер ишке ашса, 35 сомдун тегерегинде болсо биздин дыйкандарга абдан эле жакшы болот.

Бирок укук коргоочу Дилдебек Керимбеков “төө бурчактын баасын алдына ала айткан жетекчи жаңылат” деп эсептейт:

- Ушул төө бурчактын баасы 50 сом болот же 40 сом болот деп айтуу өтө кыйын. Экинчиден, эгерде биз баасы жогору болсун десек анда бизге инвесторлор көп келиши зарыл. Мекеме, уюмдардан, фирмалардан көп келиш керек. Баа качан жогорулайт? Качан алуучулар көп болгондо. Ал эми сата турган кишилер көп болсо анда баа төмөндөйт.

2009-жылы Талас дубаны боюнча 37 миң гектар жерге төө бурчак айдалса, быйыл миң гектарга ашык айдалды. Адистердин болжолунда быйыл дыйкандар 64 миң тонна төө бурчак жыйнап алышат. Төө бурчактын ар бир килограммы 32 сомдон айланууда. Таластын төө бурчагы көбүнчө Түркияга, андан кийин Болгария, Голландия, Орусия жана дагы 20 мамлекетке экспорттолот.

XS
SM
MD
LG